Центрально-Азиатский Колледж Новости “Студент жана мобилдик окутуу” (20.12.2023)

“Студент жана мобилдик окутуу” (20.12.2023)

“Студент жана мобилдик окутуу” (20.12.2023) post thumbnail image

2023-жылдын 20-декабрында Борбордук Азия колледжи Ош Мунун индустриалдык-педагогикалык колледжи менен Академиялык мобилдүүлүк жана өз ара кызматташтык  боюнча эки тараптуу түзүлгөн келишимге кол коюлду.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  БАКтын  “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2/3-курсунун 16 студенти, Индустриялдык-педагогикалык колледжине өз билимдерин жогорулатууга, теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн чыңдоо максатында барышты.

БАКтын “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин окутуучусу Эгемназарова Г.Ж. ИПКнын Кк-1-23 тайпасына “Лексика жөнүндө жалпы түшүнүк” аттуу темада конок  лекциясын окуп, студенттердин алган билимдерин бекемдеп, окутуунун репрадуктивдүү  усулдарынын негизинде конок лекциясын өткөрдү.

Ал эми БАКтын 2/3-курсунун студенттерине Эне тили  сабагынан Мамасыдыков Айбек “Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү”, Педагогика сабагынан Кожоева Каныкей Маматовна “Педагогикалык процессти уюштуруу” деген темаларда конок лекцияларында окутуунун активдүү усулдарын колдонуу менен студенттердин өз алдынча иштөөлөрү үчүн кызыктуу оюн сабактарды өткөрүштү.

Сабактын темаларына ылайыктуу презентациялар, видео көрсөтүүлөр жана аудио уктуруулар колдонулду.

Студенттердин арасында ынтымактыкты жана достукту чыңдоо максатында алдистик боюнча олимпиадаларды уюштуруу иши 2024/2025-окуу жылына пландаштырылды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«Тилим — менин жан дүйнөм» 23- сентябрь мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен студенттик-практикалык конференциясы өттү (20.09.2024).«Тилим — менин жан дүйнөм» 23- сентябрь мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен студенттик-практикалык конференциясы өттү (20.09.2024).

2024-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата Борбордук Азия колледжинин «Укук таануу» адистигинде окуп жаткан болочок юристтер Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Тилим — менин жан

Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 5- сентябрьндагы №23-3/2385 катындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфроструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планына