2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин №270- Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана адабияты” сабагынын окутуучусу Б.А.Жолборсованын жетекчилигинде “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 3-курсундагы 31ПНК, 32ПНК тайпаларынын студенттери “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл” аттуу темада студенттик-практикалык конференциясын уюштуруп, өткөрүштү. Жалпысынан конференцияга 87 студент жана 12 окутуучу катышышты. Конференцияда Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган 12 доклад, 2 видеоролиги жана презентациялары көрсөтүлдү.
«Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес” дегендей эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун негизги милдети экендигин конференцияда баса белгиленди.