Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 11-октябрында Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарада Майлуу-Суу
шаардык укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышып, жаш өспүрүмдөр
арасындагы укук бузуулар, кылмыштар жана коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу сөз кылышты. 

Тегерек столго Майлуу-Суу шаарынын Ички иштер бѳлүмүнүн Жаш өспүрүм балдар менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү, миллициянын кенже лейтенанттары Маматов Адилет Максатбекович жана Маматов Абибилла Махамадалиевич катышышты. Тегерек столдун негизги темасы жаштардын катышуусунда жол эрежелерин бузуулардын натыйжасында жол кырсыктарынын өсүп жаткандыгы болду. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаштарды коопсуздук, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик боюнча маалыматтандырып, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн туура жүрүм-турумду калыптандыруу маанилүүлүгүн белгилешти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар актуалдуу маселелерди талкуулап, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо жана коомдогу жат көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ар тараптуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча пикир алышышты. 

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип (05.10.2023)Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип (05.10.2023)

Мугалим сокурга — көз, дүлөйгө кулак, караңгыга чырак, жан дүйнөгө — азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!  2014-жылдын өкмөттүн токтомуна ылайык 5-октябрь

5- март, Ак-Калпак күнү. Студенттер майрамдык жөө жүрүшкө катышты (05.03.2025)5- март, Ак-Калпак күнү. Студенттер майрамдык жөө жүрүшкө катышты (05.03.2025)

2025-жылдын 5-мартында Борбордук Азия колледжинин администрациясы жана студенттери Ак калпак күнүнө арналган майрамдык жөө жүрүшкө катышты. Иш-чарага ЦАКтын директору А.Т. Агабеков, Педагогика жана укук ПЦКсынын төрагасы З.К. Масиров, дене тарбия

«1 сентября — День знаний» (02.09.2024)«1 сентября — День знаний» (02.09.2024)

2 сентября 2024г. у главного учебного корпуса ЦАК состоялась торжественная линейка посвященная 1 сентябрю — Дню знаний. На торжественной линейке  выступил директор колледжа Агабеков А.Т. В своем выступлении он поздравил