Центрально-Азиатский Колледж Новости Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү  (15.11.2024ж). post thumbnail image

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”  адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан  баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.  

Студенттер Майлуу-Суу шаарынын №1 Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №2 М.Ф.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №4 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясына, №7, №8 жалпы билим берүү орто мектептерине өз адистиктеринин багыты  жана жумуш орду менен таанышууну максат кылышып,  зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана  практикалык иш тажрыйбасына түздөн-түз ээ болуу максатында  барышты. Студенттер  мектепте болгон күнү  сабактын уюштурулушуна (окуучулардын сабакка көңүл буруусу, окуучуларды сабакка чакыруу  стадиясына), сабакты актуалдаштыруунун сапатына  (берилген суроолордун эффективдүүлүгү, окуучулардын өз алдынча иштөөсү ой жүгүртүүлөрүндөгү жана эске тутуусундагы активдүү  иш-аракеттер), сабакты окутуунун усулдарына  көңүл бурушту.

Ал эми сабак учурунда  мугалимдин окуу процессин алып баруусуна, сүйлөө маданиятна, мугалимдин сырткы көрүнүшүнө байкоо жүргүзүшүп, мугалимдин убакытты туура пайдалана билүүлөрүнө ынтызарлык менен көнүл бурушкан. Мугалимдин сабактын максатына жетүүсү, сабактын планынын аткарылышы студенттерге  кызыктыруу материал  болду.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Жумуш ордунда окутуу программасын ишке ашыруудагы иш берүүчүлөрдүн ролу (10.09.2024)Жумуш ордунда окутуу программасын ишке ашыруудагы иш берүүчүлөрдүн ролу (10.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 12- июлындагы №383 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик Билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндөгү Жобосуна» ылайык 2024- жылдын 10- сентябрьнда Майлуу-Суу шаардык

Сертификат участника международной научно-практической конференции по правам человека в информационном пространстве.(26.09.2025)Сертификат участника международной научно-практической конференции по правам человека в информационном пространстве.(26.09.2025)

Национальный исследовательский университетКыргызский экономический университет им. М. РыскулбековаКафедра «Юриспруденция и международное право» выдаёт  Сертификат Мадиеву Маматкасыму Сыргаковичу,преподавателю кафедры юриспруденцииЦентрально-Азиатского колледжаг. Майлы-Суу, Джалал-Абадская область, за участие в Международной научно-практической конференциина тему:«Особенности