Центрально-Азиатский Колледж Новости Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025)

Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025)

Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 20-февралында Борбордук Азия колледжинин администрациясынын демилгеси менен студенттердин Майлуу-Суу шаарынын аскердик комиссары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн майору Осмонов Айтмамат Жапарович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга 100дөн ашык студент-уландар жана 4 окутуучу катышты. 

Аскердик комиссар Кыргыз Республикасынын армиясындагы заманбап кызмат шарттары, армияда бир жылдык кызмат өтөөнүн ишке орношуудагы артыкчылыктары, альтернативдүү кызмат өтөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана армияга чакыруудан бошотулуу негиздери тууралуу кенен маалымат берди. 

Мындан тышкары, аскер кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу, льготторду, турак жай жана өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн башка колдоо чаралары талкууланды. Жолугушуунун аягында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти, аларга аскердик комиссар толук жана даана жоопторду кайтарды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Ата Мекенди коргоо — ыйык жана ардактуу милдет (22.02.2025)Ата Мекенди коргоо — ыйык жана ардактуу милдет (22.02.2025)

2025-жылдын 22-февралында Борбордук Азия колледжинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган жыл сайын өткөрүлүүчү «Кана эмесе жигиттер 2025» саптык даярдык конкурсу болуп өттү. Мелдешке ар бир кесиптик тайпаларынан командалар түзүлүп, жалпысынан 100дөн

Баткен согушунда катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2024)Баткен согушунда катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2024)

Борбордук Азия колледжинин 3- курсундагы 31/32П «Укук таануу» тайпасынын студенттери жана окуу жайдын Директору А.Т. Агабеков, окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н.Н. Наркулова жана «Укук жана педагогика»

«Академическая мобильность- 2022»«Академическая мобильность- 2022»

16 мая 2022 года в соответствии с заключенным договором о сотрудничестве и договором об академической мобильности преподаватели и студенты Центрально-Азиатского колледжа посетили Бишкекский технический колледж г.Бишкек. В поездке приняли участие