Центрально-Азиатский Колледж Новости Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 19-февралы күнү Центрально-Азиялык колледждин администрациясынын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын ГОВДсынын начальниги, милициянын подполковниги Талантбек Абылкасымович Сабырканов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга 1-курстун 105 студенти жана колледждин окутуучулары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ГОВДнын начальниги жаштар арасында мыйзам бузуулардын себептери жана кесепеттерин түшүндүрүп, социалдык чөйрө жана ата-энелердин көңүл буруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыйуу, анын себептери жана кесепеттерин талкуулады. Мектептердеги жана окуу жайларындагы зордук-зомбулук жана рэкет маселелери да көтөрүлдү. Талантбек Абылкасымович мектептерде жана үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алууда коомдун, билим берүү мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан тышкары, милициянын начальниги жаштарга түнкү убакыт режимин сактоо, ошондой эле мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык жүрүм-турумду камсыздоо боюнча өздөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ата-энелердин балдарынын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, алардын түнкү убакыттагы иш-аракеттерине жоопкерчилик жөнүндө да айтылды.

 

Жолугушуу аяктагандан кийин катышуучулар суроолорду берип, аларга толук жана пайдалуу жоопторду алышты. Бул студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын коопсуздугу менен жакшы турмушу үчүн мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«АЛА-ТООДОН ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ» 12.12.2024ж.«АЛА-ТООДОН ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ» 12.12.2024ж.

2024-жылдын 12-декабрында кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу жазуучубуз, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч. Айтматовдун 96 жылдык маарекесине арналган «Ала-Тоодон үн салган Айтматов» аттуу темада эскерүү кечеси өткөрүлдү. Эскерүү

Студенты ЦАК активно поддержали акцию «Жоопту бол» (26.02.2025)Студенты ЦАК активно поддержали акцию «Жоопту бол» (26.02.2025)

Студенты Центрально-Азиатского колледжа в период с 1 по 28 февраля 2025 года приняли участие в месячной акции «Жоопту бол», направленной на заботу о здоровье. В рамках инициативы был проведён профилактический

«Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи менен биргелешкен конференциясы өттү (19.03.2025).«Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи менен биргелешкен конференциясы өттү (19.03.2025).

2025-жылдын 19-мартында Майлуу-Суу шаарынын шаардык ички иштер бөлүмүнүн базасында «Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» аттуу конференция болуп өттү. Иш-чараны Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи биргеликте уюштурду.