Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж).

Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж).

Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж). post thumbnail image

Борбордук Азия колледжи Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук долбоорунун жана «Спорттук Кыргызстан»улуттук программасынын алкагында, студенттердин дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу, жаштардын достугун жана ынтымагын бекемдөө максатында 2025-жылдын 24-октябрында Майлуу-Суу шаарынын спорт аянтчасында тайпалар арасында күзгү жеңил атлетика боюнча спартакиада өткөрүлдү.

Иш-чарага колледждин ар түрдүү адистиктери боюнча билим алып жаткан студенттер активдүү катышышып, спорттук духта мелдештерге чоң даярдык көрүштү. Спартакиаданын ачылышы мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңыртылды. Андан соң студенттер ортосунда достук мүнөздөгү футбол оюну өткөрүлүп, негизги спорттук программа улантылды.

Программанын негизинде төмөнкү спорттук оюндар жана мелдештер уюштурулду:

  1. Чуркоо – 100 метр, эркектер жана кыздар арасында өз-өзүнчө категориялар менен;

  2. Эстафета – 4×100 метр, командалык биримдикти жана ылдамдыкты көрсөтүү максатында;

  3. Гиря көтөрүү, күч жана чыдамкайлык сынагы катары;

  4. Аркан тартыш, тайпалар ортосунда ынтымакты жана бирдикти чыңдоо максатында;

  5. Граната ыргытуу, спортчулардын физикалык даярдыгын текшерүү үчүн;

  6. Кол күрөш, эркектер жана кыздар арасында өзүнчө өткөрүлдү.

Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн мыкты спорттук жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ар бир тайпа жеңишке жетүү үчүн аракет кылып, командалык рух жана жигердүүлүк менен өз тайпаларынын намысын коргошту.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо учурунда калыстар тобу ар бир дисциплинаны адилеттүү баалап, мыктыларды өз орду менен белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер бири-бирин колдоп, достук, ыймандуулук жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында саламат жашоо образын жайылтуу, спорт аркылуу патриоттук сезимди күчөтүү жана белгиленген улуттук программалардын максаттарын иш жүзүнө ашыруу болду.

Спартакиаданын жыйынтыгында мыкты тайпалар жана жеке катышуучулар Ардак грамоталар, дипломдор жана сыйлыктар менен белгиленет. Бардык белектер жана сыйлыктар 17-ноябрдагы Эл аралык студенттер күнүнө карата тапшырылат.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«Знание – сила: Объединяясь против ВИЧ/СПИДа» (30.11.2023)«Знание – сила: Объединяясь против ВИЧ/СПИДа» (30.11.2023)

30 ноября 2023 года в малом конференц. зале Центрально-Азиатского колледжа в соответствий с Указом Президента КР и приказом Мэрии г.Майлуу-Суу состоялась встреча представителей ЦОВП города Майлуу-Суу со студентами Центрально-Азиатского колледжа. На встрече

Центрально-Азиатский колледж: Лидер в международной олимпиаде по обществознанию! (11.12.2024)Центрально-Азиатский колледж: Лидер в международной олимпиаде по обществознанию! (11.12.2024)

11 декабря 2024 года Центрально-Азиатский колледж (ЦАК) вновь продемонстрировал высокий уровень подготовки своих студентов, став лидером в международной олимпиаде по обществознанию среди высших учебных заведений, а именно по политологии, философии, социологии

«Центрально-Азиатский колледж: Память, хранимая сквозь поколения» (18.04.2025)«Центрально-Азиатский колледж: Память, хранимая сквозь поколения» (18.04.2025)

18 апреля 2025 года директор Центральноазиатского колледжа А.Т. Агабеков, заместитель директора по методической работе и развитию государственного языка Г.Ж. Эгемназарова, а также студенты 3 курса группы 31/32ИЯ Калдарова Сезимай, Убайдуллаева Айгерим,