Центрально-Азиатский Колледж Новости Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).

Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).

Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж). post thumbnail image

2025-жылдын 23-октябрында Майлуу-Суу шаарынын прокурору Назарбеков Асылбек Назарбекович менен Борбордук Азия колледжинин студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага колледждин 1–2-курсундагы «Укук таануу» адистигинде билим алып жаткан 83 студент катышты. Жолугушуунун негизги максаты — студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу, жаштар арасында мыйзам бузуулардын жана коомдук кооптуу көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.

Коррупцияга каршы күрөш — ар бир жарандын жоопкерчилиги

Жолугушуу учурунда прокурор Асылбек Назарбекович студенттерге коррупциянын коомго келтирген зыяндары, анын мамлекеттин өнүгүшүнө тийгизген терс таасирлери жана ар бир жарандын бул көрүнүшкө каршы туруудагы жеке жоопкерчилиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ал коррупциянын тамырына каршы күрөшүү билим берүү мекемелеринен башталаарын белгилеп, жаштарды адилеттүүлүк, тазалык жана ак ниеттик принциптерин карманууга чакырды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата кабыл алынган Мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары тууралуу да маалымат берип, студенттерди активдүү жарандык позицияны карманууга үндөдү.

Тыюу салынган дары-дармектерден алыс болуу — жашоонун баалуулугу

Мындан тышкары, жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелердин бири болгон жаштар арасында тыюу салынган дары-дармектерди колдонуу  темасы да талкууланды. Прокурор жаштарга мындай заттардын адамдын ден соолугуна, психологиялык абалына жана жашоосуна тийгизген оор кесепеттери тууралуу мисалдар менен түшүндүрүп өттү. Ал соңку жылдары өлкө аймагында айрым жаштардын тыюу салынган заттарды колдонуп, өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшү жандуу мүнөздө өтүп, студенттер суроолорун берип, өз пикирлерин ортого салышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай жолугушуулар жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууда жана коомдук жоопкерчиликти калыптандырууда чоң мааниге ээ экенин белгилешти.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө-100 жыл (03.09.2024)Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө-100 жыл (03.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 16- апрелиндеги №577/1 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана

КОНФЕРЕНЦИЯ — кыймылга келип, өз ишимди жаңылайм (11.12.2023)КОНФЕРЕНЦИЯ — кыймылга келип, өз ишимди жаңылайм (11.12.2023)

2023-жылдын 11-декабрында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин чоң актылык залында улуу жазуучу,  коомдук ишмер Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ч.Айтматовдун ааламы  учурдун көзү менен” аттуу студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы