Эгемназарова Гульшат Жусубалиевна

Борбордук Азия колледжинин усулканасынын башчысы
Резюме

Билими:

1991-1996-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин бүтүргөн. 

Эмгек ишмердүүлүгү

1. 1996-жылы Кочкор-Ата шаарчасындагы № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалими.

2. 1997-жылы Ош областынын Алай районундагы Кабылан-Көл атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими.

3. 2009-жылы  Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Майлуу-Суу Аймактык колледжинде кыргыз тили жана адабияты мугалими.

4. 2012-жылы Майлуу-Суу Аймактык колледжи № 011 буйруктун негизинде Борбордук Азия колледжи деп аталып, усулканасынын башчысы болуп иштеп жатат.

Окуу-усулдук иштери

1. «Манас» эпосун окутуунун максаты илимий макала

2. Эне тилин окутуунун усулу сабагы боюнча курстук ишти жазуунун эрежелери

Сыйлыктары:

1. 2006-жылы Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2. 2005-2006-окуу жылында келечек муундарга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүүдө чыгармачылык эмгеги жана коомчулук, ата-энелер менен байланышты бекемдөөдөгү зор салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

3. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, Илим жана жаштар саясаты Министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

4. 2008-жылы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган.

5. 2010-жылы “Мыкты усулчу” кароо-сынагында катышкандыгы жана 1-орунду ээлегендиги үчүн Диплом менен сыйланган.

6. 2010-жылы “Кыргыз тилинде сүйлөйм, жазам, ыр ырдайм” аттуу кароо-сынагында активдүү катышкандыгы жана 1-орунду ээлегендиги үчүн Диплом менен сыйланган.

7. 2011-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган.

8. 2013-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу кароо-сынагында Диплом менен сыйланган.

9. 2013-жылы ЖАМУнун Ардак грамотасы менен сыйланган.

10. 20014-жылы ОО”БАГЫТ KG” өз билимин өркүндөтүү курсунан өткөн.