Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Blog

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

2024-жылдын 17-февралында Борбордук Азия колледжинин тайпалар арасында 23-февраль “Ата-мекенди коргоочулар күнүнө” карата “Кана эмесе, жигиттер БАК - 2024” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынакка жалпысынан 150 студент катышты. Кароо сынактын негизги максаты жаш муунду, студенттерди Ата-мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо, аскерге даярдоо.Кароо сынактын биринчи бөлүгүндө - студенттер аскерге чейинки даярдык боюнча...

«23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 2024-жылдын 22-февралында көргөзмөсү болду» (22.02.2024)

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 2024-жылдын 22-февраль күнү Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндө өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага БАКтын студенттеринен түзүлгөн “Ар Намыс” курама командасы аскерге даярдык боюнча көргөзмөсүн көрсөтүштү жана улуу ата-мекендик согушунун, Баткен коогаланында каза болгон эр азаматтар жөнүндө  маалымат беришти. Ошону менен бирге маданият үйүнүн 2-кабатындагы фоесинде 3-курсундагы 31/32ПНК тайпасынын...

«21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата ачык куратордук саатын өткөрдү» (19.02.2024)

2024-жылдын 19-февралында “Англис тили” сабагынын окутуучусу К.К.Каленов 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата ачык куратордук саатын өткөрдү. Анда, студенттер тарабынан даярдалган кыргыз, орус, кытай, өзбек, англис тилдеринде атайын куттуктоолор жана докладдар окулду. Андан соң, кыргыз, кытай жана өзбек элдеринин улуттук бийилери бийленип, обондуу ырлары аткарылды.

«Эне тил жана жасалма интелект, учурдун талабы» (17.02.2024)

2024-жылдын  17-февралында “Укук таануу” адистигинин кесиптик сабактары боюнча окутуучу З.К.Масиров жетекчилигинде 2- жана 3-курсундагы “Укук таануу” адистигинин 21/22П жана 31/32П тайпаларынын студенттери “Эне тил жана жасалма интелект, учурдун талабы” аттуу темада тегерек столун өткөрүштү. Жалпысынан тегерек столго 57 студент катышты.

«Укук коргоочулар студенттер менен тыгыз байланышта» (21.02.2024)

2024-жылдын 21-февралында Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковнини Сабырканов Т. А.  жана ал жетектеген милиция кызматкерлери БАКтын 2-курсундагы “Укук таануу” жана “Банк иши” адистиктеринин студенттери менен биргеликте 21-февраль-Эл аралык эне тил  күнүн  салтанаттуу түрдө майрамдашты. Майрамдык салтанатка  Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковнини Сабырканов Т. А....

“Эл аралык достук — эне тилин өнүгүүсүнө жол ачат” (20.02.2024)

2024-жылдын 20-февралында Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-январындагы “Эл аралык эне тил күнүн салтанаттуу белгилөө жөнүндөгү” №01-27-18 Тескемесине ылайык Боробордук Азия колледжинин студенттери Шаардык маданият үйүндө өткөрүлгөн шаардык майрамдык салтанатта Түркмөн элинин саркеч улуттук кийимдеринин көргөзмөсүн көрсөтүштү жана түркмөн тилинде куттуктоо сөздөрүн жана ырларын айтышышты.

«Эне дөөлөтү эне тилинде» (16.02.2024)

2024-жылдын 16-февралында Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж. “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2-курсундагы 21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студенттерине  “Эл дөөлөтү эне тилинде” аттуу темада тарбиялык саат өткөрдү.

«Тил — достукка чакырат» (14.02.2024)

2024-жылдын  14-февралында   окуу жайда  “Укук таануу” жана “Банк иши” адистиктеринин 3- курсундагы 31/32П жана 31/32БД тайпалары  21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата   «Тил - достукка чакырат»   аттуу темада дубал гезиттерин  даярдашты. Даярдалган дубал гезиттери  окуу  жайдын 1-кабатындагы маалымат тактачасына  илинди.

«Тил — элдин эң башкы маданияты» (12.02.2024)

2024-жылдын 12-февралында БАКтын бардык адистигинин 1-курсундагы студенттерине   “Тил - элдин эң башкы маданияты”  аттуу  темада  мыкты дилбаян сынагы уюштурулду. Жалпысынан сынакка 123 студент катышышты. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында “Эӊ мыкты дилбаян” наамына 11БУ тайпасынын студенти Т. Исмаиловдун, 11ПД тайпасынын студенти Б. Кайбалиевдин жана 11ПНК тайпасынын студенти С. Турдалиеванын  дилбаяндары табылды. Студенттер...