Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу линейка

Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу линейка

  • Автору: Администрация

15-сентябрда Борбордук Азия колледжинде жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттуу линейкада жаңы окуу жылынын башталышы менен студенттерди жана окутуучуларды куттуктоо сөздөрү айтылып, окуу процессине ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктер кааланды.

Өзгөчө биринчи курска кабыл алынган студенттерге көңүл бурулуп, аларга колледждин студенттик жашоосуна ийгиликтүү аралашып, билим алууда алдыга коюлган максаттарына жетишүүсүнө жакшы каалоолор айтылды.

Ошондой эле студенттерди сапаттуу билим алууга, жоопкерчиликке, тартипке, эмгекчилдикке жана өз кесибин сүйүүгө чакырган пикирлер айтылды.

Салтанаттуу линейка жылуу жана майрамдык маанайда өтүп, жаңы окуу жылына жакшы маанай тартуулады.

Борбордук Азия колледжи бардык студенттерди жана окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууда жана кесиптик өнүгүүдө чоң ийгиликтерди каалайт!

Жаңы окуу жылы жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, ийгиликтердин жана бийик жетишкендиктердин жылы болсун!