Учебный кабинет
КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАБИНЕТИ №104
Борбордук Азия колледжинин кыргыз тили жана адабияты кабинети — кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын жана кыргыз элинин маданий мурастарын үйрөнүүгө арналган окуу жайы. Кабинет студенттердин оозеки жана жазуу кебин өнүктүрүүгө, сөз байлыгын арттырууга жана сабаттуу сүйлөө көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берген окуу материалдары жана көрсөтмө куралдар менен жабдылган.
Бул жерде студенттер кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары менен таанышып, эне тилибиздин байлыгын үйрөнүшөт, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт жана улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбияланышат.