Учебный кабинет

БАШТАПКЫ АСКЕРДИК ДАЯРДЫК АУДИТОРИЯСЫ №205

Баштапкы аскердик даярдык аудиториясы — студенттерге жарандык коргонуу, жашоо коопсуздугу жана баштапкы аскердик даярдык боюнча билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө арналган атайын окуу жайы.

Аудиторияда студенттер аскердик иштин негиздерин, аскердик уставдарды, саптык даярдыкты, коопсуздук эрежелерин, өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүнү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерин үйрөнүшөт. Окуу сабактары тартипти, жоопкерчиликти, мекенчилдикти, уюшкандыкты жана татаал кырдаалдарда туура аракеттенүү жөндөмүн калыптандырууга жардам берет.