Учебный кабинет

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЛИК БОРБОРУ №203

Педагогикалык чеберлик борбору — келечектеги педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, окутуучулук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана билим берүүдө инновациялык окутуу ыкмаларын колдонууга багытталган заманбап билим берүү мейкиндиги.

Борбордо студенттер заманбап билим берүү технологияларын, окутуу методикаларын, психологияны жана педагогиканы үйрөнүшөт. Ошондой эле интерактивдүү окутуу ыкмаларын жана санариптик каражаттарды өздөштүрүшөт. Практикалык сабактар, мастер-класстар жана чыгармачылык долбоорлор педагогикалык ой жүгүртүүнү, баарлашуу жөндөмүн, чыгармачылыкты жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыкты өнүктүрүүгө жардам берет.