Алай жана Ош шаарына тарыхый-таанып билүү саякаты

Алай жана Ош шаарына тарыхый-таанып билүү саякаты

  • Author: Administration

Алай жана Ош шаарына тарыхый-таанып билүү саякаты

2026-жылдын 10-октябрында студенттердин тарыхый билимин кеңейтүү, кыргыз элинин бай тарыхы, маданияты жана улуттук мурастары менен жакындан тааныштыруу максатында Алай районуна жана Ош шаарына таанып-билүү саякаты уюштурулду.

Саякаттын жүрүшүндө студенттер Ош шаарындагы тарыхый-маданий жайлардын бири болгон Сулайман-Тоого барышты. Алар бул ыйык жайдын тарыхы, маданий жана руханий мааниси менен таанышып, кыргыз элинин тарыхый мурастары тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле Алай районунда Курманжан датканын музейине баруу уюштурулду. Музейге барууну каалаган студенттер өз каалоолору менен катышып, Курманжан датканын өмүр жолу, коомдук ишмердүүлүгү жана кыргыз элинин тарыхындагы орду жөнүндө маалымат алышты. Музейдеги тарыхый экспонаттар аркылуу кыргыз элинин каада-салттары, улуттук баалуулуктары жана маданиятынын өнүгүү тарыхы менен жакындан таанышышты.

Бул саякат студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимин калыптандырууга, улуттук маданиятты жана тарыхый мурастарды урматтоого багытталды.

Мындай иш-чаралар жаш муундун тарыхый аң-сезимин өнүктүрүүгө, өз элинин тарыхын таанып-билүүгө жана улуттук баалуулуктарды сактоого чоң өбөлгө түзөт.