ТИЛ – УЛУТТУН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

ТИЛ – УЛУТТУН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

  • Author: Administration

Борбордук Азия колледжинде мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, эне тилге болгон урмат-сыйды арттыруу жана жаш муундардын тил маданиятын өнүктүрүү максатында «Тил – улуттун руханий байлыгы» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн тегерек столго окуу жайдын 12 окутуучусу жана 42 студенти катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, улуттук баалуулуктарды сактоодогу орду, мамлекеттик тилдин коомдогу мааниси жана анын келечек муун үчүн баалуулугу тууралуу кеңири сөз болду.

Тегерек столдо  окутуучулар жана студенттер өз ойлорун ортого салышып, мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, аны өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрү жана тилди күнүмдүк турмушта, билим берүүдө жана кесиптик чөйрөдө кеңири колдонуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле студенттер тарабынан мазмундуу баяндамалар жасалып, эне тилге арналган көркөм ырлар окулуп, катышуучулар арасында суроо-жооптор уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда Эне тил – улуттун руханий байлыгы, элдин тарыхый эс тутуму жана улуттук өзгөчөлүгүнүн күзгүсү экендиги баса белгиленип, кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү ар бир жарандын ыйык милдети экендиги  айтылды.

Андан ары 2026-2027-окуу жылында  студенттердин  кыргыз тилинде илимий макала, баяндама жана изилдөө иштерин жазууга тартуу иши пландаштырылды.