23-сентябрь мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь мамлекеттик тил күнү

  • Автор: Администрация

23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Борбордук Азия колледжи жана ШИИБдин өкүлдөрүнүн катышуусунда конференция уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттыруу, мамлекеттик тилди урматтоого тарбиялоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле мекенчилдик сезимди калыптандыруу.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин коомдогу орду жана мааниси, анын билим берүү, маданият жана коомдук турмуштагы ролу тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны жаштар арасында кеңири жайылтуу боюнча пикирлер айтылды.

Иш-чарада жаш муунду мекенчилдикке, эне тилди урматтоого, улуттук тарыхты жана маданий мурастарды баалоого тарбиялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Борбордук Азия колледжинин жана ШИИБдин өкүлдөрү жаштарды жарандык-патриоттук жактан тарбиялоодо биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Конференция мазмундуу жана жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү аянтчасы болду.

Борбордук Азия колледжи иш-чарага активдүү катышкан бардык студенттерге, окутуучуларга жана конокторго ыраазычылык билдирет.

Мамлекеттик тил — улуттун жүзү, элдин байлыгы жана келечек муунга калтырган баалуу мурасыбыз!