Өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү

Өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү

  • Автор: Администрация

30-сентябрда Борбордук Азия колледжинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлеринин катышуусунда өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге жана колледждин кызматкерлерине өрт кырсыгы учурунда туура жана ыкчам аракеттенүү эрежелерин үйрөтүү, коопсуздук талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу.

Окуу-машыгуунун жүрүшүндө өрт чыккан учурда имараттан коопсуз эвакуациялануу, адамдарды коопсуз жерге чыгаруу жана өзгөчө кырдаал учурунда туура чечим кабыл алуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди.

ӨКМдин кызматкерлери өрт коопсуздугунун негизги талаптары, өрттүн алдын алуу чаралары жана өрт учурунда колдонулуучу аракеттер тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттерге өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай окуу-машыгуулардын өткөрүлүшү студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздук маданиятын жогорулатууга, жоопкерчилигин арттырууга жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт.

Борбордук Азия колледжи ӨКМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн окуу-машыгуу жана пайдалуу маалыматтары үчүн ыраазычылык билдирет.

Коопсуздук — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!