Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүүнүн 27 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү
Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүүнүн 27 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 18-сентябрында саат 09:00дө Эрдик скверинде Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүүнүн 27 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чарага Борбордук Азия колледжинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — Мекендин бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы үчүн өмүрүн курман кылган баатыр жоокерлердин эрдигин даңазалоо, алардын жаркын элесин урматтоо, ошондой эле жаш муундарга мекенчилдик, жарандык жоопкерчилик жана тарыхый эс тутум баалуулуктарын сиңирүү болду.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин каармандыгы жана Мекен алдындагы атуулдук парзы өзгөчө белгиленип, алардын эрдиги кийинки муундар үчүн өрнөк экендиги баса көрсөтүлдү.
Борбордук Азия колледжинин жамааты Мекен үчүн жанын берген баатырларды терең урматтоо менен эскерип, алардын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын белгилейт.
Баатырлардын эрдиги — түбөлүк үлгү, алардын жаркын элеси — элдин жүрөгүндө!