2023-жылдын 25-октябрында коррупциялык көрүнүштөрдүн терс таасири, жаштар арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу, алардын жоопкерчилиги, коомдо жүрүм-туруму, тартиби боюнча, экстремисттик жана терроризмдик аракеттердин жоопкерчилиги, үй-бүлөдөгү мамиле, зордук зомбулуктун жана суицидтин себептери боюнча Борбордук Азия колледжинин конференц залында студенттердин катышуучусунда тегерек столу өткөрүлдү.
Жалпысынан 80 студент, 8 окутуучу катышты. Тегерек столго Майлуу-Суу шаардык прокурорунун жардамчысы Жусупалиев Н.Р. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Жусмаматов Р.Ы., кадрлар боюнча улук инспектору Расулов Н.З., өспүрүм балдар менен иштөө боюнча тескөөчүсү Кадырали у, Д. жана Майлуу-Суу шаарынын Эмгек, Социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамутова З.А., Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын башкы адис юристи Абдиев Н.Н. жана жаштар иштери боюнча жетектөөчү адис Мамасабиров Б.Н. катышышып, студенттер менен маек курушту.
Тегерек столдо бүгүнкү күндө жаштар арасында эмне себептен кылмыштуулук көп болгондугун жана коомдогу жүрүш-туруш тартиби боюнча, экстремистик жана терроризмдик аракеттердин жоопкерчилиги, үй-бүлөдөгү ар кандай мамилелер, кыздардын эрте никеге туруусу, зордук зомбулук жана суицидтин себептери боюнча көптөгөн ушул сыяктуу маселелердин себептери талкууланды.