Центрально-Азиатский Колледж Новости «Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 17-февралында Борбордук Азия колледжинин тайпалар арасында 23-февраль “Ата-мекенди коргоочулар күнүнө” карата “Кана эмесе, жигиттер БАК — 2024” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынакка жалпысынан 150 студент катышты. Кароо сынактын негизги максаты жаш муунду, студенттерди Ата-мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо, аскерге даярдоо.

Кароо сынактын биринчи бөлүгүндө — студенттер аскерге чейинки даярдык боюнча машыгууларды көрсөтүштү. Экинчи бөлүгүндө – курал менен иштөө, аны чачуу жана чогутуу, куралдан атуу, тайпалардын капитандарынын “отбой – подъём” жана аскердик погондорду билүү сынактары өткөрүлдү. Үчүнчү бөлүгүндө – спорттук жарышуу болду.

Кароо сынакта жеке төмөндөгү студенттер наамдарын ээлешти: “Эң мыкты аткыч” наамына БАКтын 3-курсундагы 31/32БД тайпасынын студенти Асанбаев Максат татыктуу болду; “Мыкты капитан” наамына 3-курсунун 31/32П тайпасынын студенти Гайбердиев Исламбек татыктуу болду; “Эң мыкты аскердик погондорду билген” наамына 3-курсундагы 31/32КС тайпасынын студенти Абдибеков Умар татыктуу болду; “Эң мыкты аксердик куралды чачуу жана чогуту” 3-курсунун 31/32ФК тайпасынын студенти Тажибаев Айтилек татыктуу болду.

Жалпысынан кароо сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду 3-курсундагы 31/32П тайпасынын студенттеринен куралган “Эр-Манас” командасы алды. Ал эми 2-орунду 3-курсундагы 31/32БД тайпасынын студенттеринен куралган “Скорпион 3” командасы алды. 3-орунду 1-курсундагы 11БД,БУ,НиН тайпасынын студенттеринен куралган “Патриот” командасы алды.

Кароо сынакта өзгөчөлөнгөн студенттер жана 1-курсундагы студенттерди даярдоого көмөк көрсөткөн 3-курсундагы 31/32КС тайпасынын студенти Авазбеков Иманбек жана 31/32БД тайпасынын студенти Абдуллаев Отабек администрация тарабынан Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыланышты.

Кароо сынакта 1-, 2- жана 3- орундарды ээлеген тайпалар БАКтын 1-, 2- жана 3- даражадагы Дипломдору менен жана акчалай сыйлыктарын алышты.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

“Эл аралык достук — эне тилин өнүгүүсүнө жол ачат” (20.02.2024)“Эл аралык достук — эне тилин өнүгүүсүнө жол ачат” (20.02.2024)

2024-жылдын 20-февралында Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-январындагы “Эл аралык эне тил күнүн салтанаттуу белгилөө жөнүндөгү” №01-27-18 Тескемесине ылайык Боробордук Азия колледжинин студенттери Шаардык маданият үйүндө өткөрүлгөн шаардык майрамдык салтанатта Түркмөн

С 13-летием ЦАК !С 13-летием ЦАК !

25 мая 2022 года в Центрально-Азиатском колледже провели торжественную линейку посвященную 13-летию колледжа. На торжественной линейке были награждены отличники учебы, участники студенческой олимпиады и студенты принимавшие активное участие в жизни

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”  адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан  баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.