Центрально-Азиатский Колледж Новости ”МАНАС”  ЭПОСУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАА ЖЕТКИС РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ «28.05.2024»

”МАНАС”  ЭПОСУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАА ЖЕТКИС РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ «28.05.2024»

”МАНАС”  ЭПОСУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАА ЖЕТКИС РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ «28.05.2024» post thumbnail image

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 — жылдын 22 — апрелиндеги  “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы — “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, ”Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярлаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү ПЖ № 126  Жарлыгынын  аткаруу максатында   “Башталгыч класстарда окутуу адистигинин кесиптик мугалими Жолборсова Б.А. “Укук таануу” адистигинин  21/22П тайпасы менен биргеликте “Улутум-кыргыз, урааным Манас” аттуу темада  студенттик-практикалык конференция   уюштуруп өткөрдү. Конференцияга окуу жайдын администрациясы, предметтик-циклдык комиссиянын төрагалары, мүчөлөрү жана 70 тен ашуун студенттер катышышты.

Конференцияда  21/22 П тайпасынын жигиттери Большевиков У, Жаңыбаев А, Орозалиев Н, Таджибаев А. “Манас” деген  ураан — чакырыктар ар биринин көкүрөгүнөн суурулуп чыгып, конференцияга катышуучулардын атуулдук  сезимдерин ойготушту. “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” эпизодунан үзүндү жогорку деңгээлде аткарышып, окуу жайдын  администрациясы  тарабынан  “Ыраазычылык каттар”, Дипломдор, жана А. Жакыпбековдун  «Теңири Манас»  китеби менен сыйланышты.

Студенттик-практикалык конференция жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо «Манас» эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында  өткөрүлдү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Академическая мобильность среди колледжейАкадемическая мобильность среди колледжей

24 марта 2022 года в соответствии с заключенным договором о сотрудничестве и договором об академической мобильности преподаватели и студенты Центрально-Азиатского колледжа посетили Финансово-юридический колледж при ОшГУ. В поездке приняли участие

Студенческий балл Центрально-Азиатский колледж — 2024 (06.01.2024)Студенческий балл Центрально-Азиатский колледж — 2024 (06.01.2024)

6 января 2024 года Центрально-Азиатский колледж провёл Студенческий балл — 2024 в городе Ош в молодёжном клубе «На углях». На данное мероприятие были приглашены студенты-лидеры: члены студенческого парламента, члены совета