Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 16- апрелиндеги №577/1 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тарабынан бекитилген Иш-чаралар планынын» негизинде 2024-жылдын 3-сентябрында Борбордук Азия колледжи Майлуу-Суу шаарында жайгашкан «Акваленд» бассейнинде студентер арасында сууда сүзүүдөгү спорттун 5 түрү боюнча таймашы өткөрүлдү.
Спорттук таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата маалыматтар берилип, студенттерге таймаштын эрежерлери түшүнүдүрүлдү. Жалпысынан таймашка 127 студент жана 18 окутуучу катышышты. 1- орунду I курсундагы 11П «Укук таануу» адистигиндеги студенттер алышса, ал эми 2-орунду III курсундагы 31/32П «Укук таануу» адистигиндеги студенттер алышты, 3-орунду III курсундагы 31/32ФК «Дене тарбия» адистигиндеги студенттер алышты. Колледж тарабынан таймашта өзгөчөлөнгөн стундеттерге атайын Дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.