Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №270 Жарлыгына карата кыргыз элинин тарыхый жерлерин даңазалоо, каада-нускаларын жайылтуу жана жаштарды мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо максатында жана Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча Жумуш ордунда окутуу формасын ишке ашыруу алкагында 2024-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү, Ош областындагы Алай районунун Гүлчө шаарында жайгашкан “Курманжан датка” атындагы тарыхый-этнографиялык музейине, Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине жана Өзгөн шаарындагы архитектуралык комплексине Борбордук Азия колледжинин студенттери саякат жасашты.
Жалпысынан саякатка 140 студент жана 6 окутуучу барышты. Анда аталган музейлердеги туристик кызматкерлери студенттерге Курманжан датканын Кыргызстан тарыхындагы орду, мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө кеңири баяндашты. Келечек муундарга мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо эң жогорку милдет экендигине токтолушту. Ошону менен бирге студенттер “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музейинде Кыргыздардын байыркы жашоо-турмушу, колдонулган буюмдары жана Кыргызстандын аймагында байырлаган жан-жаныбарлардын түрлөрү менен таанышышты. Ал эми Өзгөн шаарындагы 10-11 кылымга таандык “Мунара” архетектуралык комлексинде студенттер ошол учурундагы курулуштун жетишкендиктери жана Мунаранын ролу жөнүндө маалымат алышты.