Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 12- июлындагы №383 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик Билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндөгү Жобосуна» ылайык 2024- жылдын 10- сентябрьнда Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн ЭММКАК ыкчам опер кызматкери, миллициянын лейтинанты Кайыпбердиев Нурканат Ильязович Борбордук Азия колледжинин «Укук таануу» адистигинде окуп жаткан студенттери менен «Кылмыш укугу» сабагы боюнча практикалык сабак өттү.
Сабак учурунда студенттерге бүгүнкү күндө мамлекетибиздеги кылмыштуулук боюнча статистикасын маалымдап, укук-тук-нормативдик документтеринде, мыйзамындарында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү айты. Жалпысынан сабак учурунда студенттерге кылмыштуулук, анын түрлөрү, себептери жана жазалары жөнүндө түшүндүрмө берди. Ошону менен бирге, кылмыш болгон жерди кароонун тартиби жана кылмыш болгон жерди кароо протоколун толтуруунун тартибтери менен тааныштырды.