Центрально-Азиатский Колледж Новости «Тилим — менин жан дүйнөм» 23- сентябрь мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен студенттик-практикалык конференциясы өттү (20.09.2024).

«Тилим — менин жан дүйнөм» 23- сентябрь мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен студенттик-практикалык конференциясы өттү (20.09.2024).

«Тилим — менин  жан дүйнөм»  23- сентябрь мамлекеттик тилинин 35 жылдыгына карата ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен студенттик-практикалык конференциясы өттү (20.09.2024). post thumbnail image

2024-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата Борбордук Азия колледжинин «Укук таануу» адистигинде окуп жаткан болочок юристтер Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Тилим — менин жан дүйнөм” аттуу темада студенттик-практикалык конференция өткөрүштү. Бул иш-чаранын максаты студенттерге мамлекеттик тилдин укук коргоо органдарында колдонулушу жана маанилүүлүгү тууралуу түшүнүк берүү, ошондой эле тилди үйрөнүүгө жана ага болгон сый-урматты арттырууга багытталды.

Конференциянын ачылышында окуу жайдын директору А.Т. Агабеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекетибиздин тилинин түптөлүшүнүн 35 жылдык тарыхын жана анын өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чечимдер, Жарлыктар жана өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу да сөз кылды. Агабеков мырза конференциянын Майлуу-Суу шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жатканын айтып, анын негизги максаты келечекте юрист болууга даярданып жаткан студенттерге Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында мамлекеттик тилди билүүнүн зарылдыгы жана маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү экенин белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Равшанбек Ырысбекович Жусмаматов өз докладын окуду. Ал сөзүнүн акырында мамлекеттик тилди билбей туруп, Кыргызстанда укук коргоо органдарында жумушка орношуу мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Конференцияда студенттер тарабынан даярдалган улуттук ырлар, бийлер, көркөм окуулар жана макал-лакаптар аткарылып, «Манас» эпосунан театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Бул иш-чаранын максаты — кыргыз элинин маданий мурастарын даңазалоо жана жаштар арасында улуттук баалуулуктарды сактоо болду. Студенттердин чыгармалары көрүүчүлөргө терең таасир калтырып, кыргыз маданиятынын байлыгы менен тилдин өзгөчө ордун дагы бир ирет баса белгилеп өттү.

Борбордук Азия колледжинин Усулдук жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү иштери боюнча директордун орун басары Г.Ж. Эгемнозарова конференцияда сөз сүйлөп, колледжде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча учурдагы иш-чаралар жана келечектеги пландар тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал өз сөзүндө жаштарды кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыктыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тилди популяризациялоонун бир нече натыйжалуу жолдорун сунуштады. Айрыкча, заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү, окуу чөйрөсүн дем берүүчү деңгээлге жеткирүү жана мамлекеттик тилде эркин сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Борбордук Азия колледжинин окутуучулары Г.Ж. Эгемназараова жана Б.А. Жолборсова «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин 2-курсундагы 21ПНК тайпасынын студенттери менен биргеликте «Кылым сүргөн кыргыз тилим» аттуу темада дубал гезиттерин жана кыргыз элинин улуттук тамактарынан атайын көргөзмө уюштурушту. Иш-чаранын максаты — студенттердин мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттыруу жана улуттук маданият менен каада-салттарды жайылтуу болду. Көргөзмөдө кыргыз элинин байыркы улуттук тамактары көрсөтүлүп, дубал гезиттери аркылуу тилдин тарыхый мааниси чагылдырылды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Борбордук Азия колледжи «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын колдоодо (26.11.2025ж).Борбордук Азия колледжи «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын колдоодо (26.11.2025ж).

2025-жылдын 26-ноябрында Борбордук Азия колледжи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесине ылайык жүргүзүлүп жаткан «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын улантуу максатында Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш участкасында массалык түрдө жаңгак көчөттөрүн

Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).

2025-жылдын 23-октябрында Майлуу-Суу шаарынын прокурору Назарбеков Асылбек Назарбекович менен Борбордук Азия колледжинин студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага колледждин 1–2-курсундагы «Укук таануу» адистигинде билим алып жаткан 83 студент катышты. Жолугушуунун негизги

Дань памяти великому лидеру: студенты ЦАК отметили День рождения Ленина (24.04.2025)Дань памяти великому лидеру: студенты ЦАК отметили День рождения Ленина (24.04.2025)

22 апреля 2025 года по приглашению председателя Женского совета г. Майлуу-Суу М.К. Умаровой студенты 2-го курса групп 21-22БД, БУ, НиН Центрально-Азиатского колледжа приняли участие в мероприятии, посвящённом дню рождения советского