Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Юристтерди даярдоодо иш ордунда өткөрүлгөн көчмө практикалык сабак (20.09.2024).

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 12- июлындагы №383 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик Билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндөгү Жобосуна» ылайык 2024- жылдын 20- сентябрьнда Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн чогулуш залында Борбордук Азия колледжинин «Укук жана педагогика» предметтик-циклдык коммиссиясынын төрөгасы  З.К. Масиров жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн эксперт-криминалисти, миллициянын лейтенанты Бектур уулу Асильбек менен биргеликте Борбордук Азия колледжинин «Укук таануу» адистигинде окуп жаткан студенттерине «Криминалистика» сабагы боюнча практикалык сабак өтүштү.

Практикалык сабак учурунда ичики иштер бөлүмүнүн кызматкери студенттерге криминалистикада колдонулуучу техникалык каражаттардын түрлөрү боюнча түшүндүрмө берди. Кылмыш болгон жерди кароодо колдонулуучу куралдар топтому бар чемоданды визуалдык түрдө көрсөттү. Ар бир колдонулуучу курал жөнүндө, аны кантип колдонуу керектиги, кайсы жерде колдонулушу жана кайсы учурларда алардын колдонулушу жетишсиз болору жөнүндө кенен айтып берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *