Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжинде жеңил атлетика боюнча XV күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (01.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде жеңил атлетика боюнча XV күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (01.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде жеңил атлетика боюнча XV күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (01.10.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 1-октябрында Майлуу-Суу шаарынын спорт аянтчасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун  жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүктөрүнүн 100 жылдыктарына карата Борбордук Азия колледжинде тайпалар арасында жеңил атлетика боюнча XV күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү.

Спартакиадага жалпысынан 250 студент жана 27 окутуучу катышты. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, Борбордук Азия колледжинин директору Агабеков А.Т. куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы тууралуу сөз кылып, бул маанилүү окуяга салым кошкон инсандарды өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө маанилүү роль ойногон Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков жана Иманалы Айдарбеков сыяктуу аталардын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди. Сөзүнүн акырында студенттерди сергек жашоо образына үндөп, спорттун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы да быйыл 100 жылдыгын белгилеп жатканын айтып, анын түзүлүшү өлкөнүн мыйзамдуулугун бекемдөөгө жана коомдук тартипти сактоого кошкон зор салымы тууралуу сөз кылды. Прокуратуранын мамлекеттин укуктук системасын өнүктүрүүдөгү жана жарандардын укуктарын коргоодогу ролу дагы бир ирет баса белгиленди.

Жалпысынан спартакиада жеңил атлетиканын  7 түрү боюнча өткөрүлдү, алар 100 метрге чуркоо, кросс 2 км, эстафета 4х200, кол күрөш, аркан тартыш, граната ыргытуу жана гиря көтөрүү. Cпартакиаданын калыстары катары окуу жайдын «Дене тарбия» адистигинин кесиптик сабактары боюнча окутуучулары Б.Т.Карагулов, Э.Т.Суранов жана «Укук таануу» адистигинин кесиптик сабактары боюнча окутуучусу З.К.Масировдор болушту. 

Спартакиаданын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн мыкты даярдыктарын жана командалык иштөө жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылып, активдүү катышуучуларга атайын белектер тапшырылды. 

Спартакиаданы жыйынтыктоодо, спорттук көрсөткүчтөрү менен айырмаланган студенттер Дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Дене тарбия адистигинин 1-курсундагы Казаков Нурадил эркектер арасында кол күрөштө биринчиликти алып атайын белек менен сыйланды 

Дене тарбия адистигинин 1-курсундагы Махкамов Нурлан 2км чуркоо боюнча биринчи келип атайын белек менен сыйланды

Укук таануу  адистигинин 1-курсундагы Сарымсакова Рухшана кыздар аралык кол күрөш боюнча 1-орунду алып, атайын белек менен сыйланды 

Укук таануу адистигинин 1-курсундагы Атамурзаев Чынгыз 100 метирге чуркоо боюнча эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

В ЦАК прошла студенческая конференция на тему «Искусственный интеллект в обучении: помощник или конкурент?» (20.03.2025)В ЦАК прошла студенческая конференция на тему «Искусственный интеллект в обучении: помощник или конкурент?» (20.03.2025)

20 марта 2025 года в Центральноазиатском колледже состоялась студенческая конференция, посвященная вопросам использования искусственного интеллекта в образовании. Организаторами мероприятия выступили студенты 3-го курса группы 31/32КС специальности 230108 «Компьютерные системы и

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”  адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан  баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.

Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 5- сентябрьндагы №23-3/2385 катындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфроструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планына