Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Борбордук Азия колледжинде «Бүгүнкү кыздар — эртеңки коомдун түзүүчүлөрү» аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү (11.10.2024)

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Билим берүү жана илим министрликтеринин тапшырмаларын, Майлуу-Суу шаарынын коллегиясынын отурумдарынын «Жаш өспүрүм балдар арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту, укук бузууларды жана суицидтин алдын алуу» боюнча Токтомдорун аткаруу максатында 2024- жылдын 11- октябрында Борбордук Азия колледжинин конференц залында атайын жолугушуусу өткөрүлдү.

Жалпысынан жолугушууга 1- курсунда окуп жаткан жашы жетелек 82 студент катышышты. Жолугушууга конок катары Майлуу-Суу шаарындагы аялдар кеңешинин төрайымы У.М. Умарова жана Майлуу-Суу шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы В.Т. Султанкуловалар чакырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө чакырылган коноктор студент кыздарга өздөрүнүн акыл-насаатын айтып, учурдагы коомдогу өзгөрүүлөр жана алардын кыздардын жүрүм-турумуна тийгизген таасирлери тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар интеллектуалдык, адептик жана руханий тарбиялоо маселелерине өзгөчө токтолуп, кыздардын ушул сапаттарды өнүктүрүүсү алардын келечектеги ийгиликтүү жана жоопкерчиликтүү жаран болушу үчүн канчалык маанилүү экендигин баса белгилешти.

Мындан тышкары, коноктор коомдогу жат көрүнүштөрдүн, анын ичинде зордук-зомбулук, терс таасирлер жана жаман адаттардын өспүрүм кыздарга кандай таасир этерин, алар эмне себептен мындай көрүнүштөргө катышып калгандыгынын негизги себептерин талдап беришти. Бул көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн кыздар өздөрүнүн укуктарын жакшы билип, руханий жактан күчтүү болушу керектиги тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, ар кандай маанилүү суроолорду беришти. Чакырылган коноктор ар бир суроого мазмундуу жана кеңири жооп беришип, студенттердин кызыгуусун жана тынчсызданууларын жоюуга аракет кылышты. Жыйынтыгында, коноктор ар бир кыз келечекте коомдун активдүү жана жоопкерчиликтүү мүчөсү болууга тийиш экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын максаты – студент кыздардын интеллектуалдык, адептик жана руханий жактан туура өнүгүүсүнө багыт берүү жана алардын коомдогу орду жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү болду. Жолугушуу кыздар үчүн чоң мотивация болуп, алардын келечекке карата жаңы көз караштарын калыптандырууга жардам берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *