Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

“АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛҮҮЛҮК – БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ИНТЕГРАЦИЯСЫН КҮЧӨТӨТ” (21.10.2024)

Академиялык мобилдүүлүк эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде 2024-жылдын 21-октябрынан 23-октябрына чейин   К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин окутуучулары Борбордук Азия колледжине келишти.

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин “Кыргыз тили жана адабияты” сабагынын окутуучусу Кулушова Миргүл Камаловна Борбордук Азия колледжинин 11-3(ПНК, ФК,ИЯ) тайпасынын студенттерине Кыргыз адабияты сабагынан “Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы” аттуу темада ачык сабак өткөрдү. Ачык сабакта акын А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө видеороликтерди , презинтацияларды көрсөттү. Студенттерди топторго бөлүп интерактивдүү методдорду колдонуп, сабакты кызыктуу өткөрдү. Студенттер сабакка активдүү катышып, Алыкул Осмоновдун “Музыка”, “Ата-журт” деген обондуу ырларын ырдашып, жагымдуу маанай менен сабак жыйынтыкталды.

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин “Англис тили” сабагынын окутуучусу, доцент Авазова Эркайым Абдувалиевна Борбордук Азия колледжинин 11-1(П) тайпасынын студенттерине “Англия өлкөсү” аттуу темада ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттердин Англия өлкөсү жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында  RACE,  синквейн, салыштыруу ыкмалары (схемалар, графиктер, сүрөттөр) Венндин диограммасын колдонуп, сабактын эффективдүүлүгүн арттырды. Англия өлкөсү боюнча атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү.  

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин “Биология” сабагынын окутуучусу Эргешова Бурахима Абдураимовна Борбордук Азия колледжинин 11-2(БД, БУ, НиН) тайпасына студенттерине “Өзгөрүү жана анын түрлөрү” аттуу темада ачык саат өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттерге “Эске тутуу” жана “Сүрөттөрдү бөлүшүү” оюндары ойнотулду. Андан сырткары аталган тема боюнча атайын даярдалган таблицаларды толтуруу менен  студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды. Сабактын интерактивдүү методун колдонуп, студенттердин активдүүлүгү жогорулатылды.

 БАКтын директору А.Т.Агабеков академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруунун алкагында окуу жайлардын арасында педагогикалык кызматташтыкты жана педагогикалык тажырыйба алмашууну жакшыртуу максатында 2024-жылдын 21-октябрынан 23-октябрына чейин Борбордук Азия колледжинин студенттерине конок лекцияларын жана мастер класстарды өткөргөн К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин окутуучуларына сертификаттарды тапшырды. 

Академиялык мобилдүүлүк программасынын жүрүшүндө  жүрүшүндө БАКтын директору А.Т. Агабеков менен окуу жана тарбия иштери боюнча   директордун орун басары Н.Н.Наркулова окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана окуу процессинин жүрүшү менен тааныштырышты.

Академиялык мобилдүүлүк иш-чарасынын  жыйынтыгында эки окуу жайдын окутуучулары менен студенттери  үзгүлтүксүз байланышта болушуп, педагогикалык тажрыйба алмаштырып турушаарын баса белгилешти. Эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишими кайрадан жаңыланып, эки тараптуу макулдашуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Андан сырткары 2024-2025-окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында студенттик олимпиадаларды жана спорттук мелдештерди жана окутуучулардын “Жылдын мыкты мугалимин”   сынактаррын уюштуруу маселелери каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *