Центрально-Азиатский Колледж Новости Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү  (15.11.2024ж). post thumbnail image

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”  адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан  баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.  

Студенттер Майлуу-Суу шаарынын №1 Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №2 М.Ф.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №4 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясына, №7, №8 жалпы билим берүү орто мектептерине өз адистиктеринин багыты  жана жумуш орду менен таанышууну максат кылышып,  зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана  практикалык иш тажрыйбасына түздөн-түз ээ болуу максатында  барышты. Студенттер  мектепте болгон күнү  сабактын уюштурулушуна (окуучулардын сабакка көңүл буруусу, окуучуларды сабакка чакыруу  стадиясына), сабакты актуалдаштыруунун сапатына  (берилген суроолордун эффективдүүлүгү, окуучулардын өз алдынча иштөөсү ой жүгүртүүлөрүндөгү жана эске тутуусундагы активдүү  иш-аракеттер), сабакты окутуунун усулдарына  көңүл бурушту.

Ал эми сабак учурунда  мугалимдин окуу процессин алып баруусуна, сүйлөө маданиятна, мугалимдин сырткы көрүнүшүнө байкоо жүргүзүшүп, мугалимдин убакытты туура пайдалана билүүлөрүнө ынтызарлык менен көнүл бурушкан. Мугалимдин сабактын максатына жетүүсү, сабактын планынын аткарылышы студенттерге  кызыктыруу материал  болду.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

КОНФЕРЕНЦИЯ — кыймылга келип, өз ишимди жаңылайм (11.12.2023)КОНФЕРЕНЦИЯ — кыймылга келип, өз ишимди жаңылайм (11.12.2023)

2023-жылдын 11-декабрында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин чоң актылык залында улуу жазуучу,  коомдук ишмер Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ч.Айтматовдун ааламы  учурдун көзү менен” аттуу студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы

“АКАДЕМИЯЛЫК ОКУУ-ЗАМАН ТАЛАБЫ” (20.12.2023)“АКАДЕМИЯЛЫК ОКУУ-ЗАМАН ТАЛАБЫ” (20.12.2023)

2023-жылдын 20-декабрында Борбордук Азия колледжи Ош Мунун Финансы-юридикалык колледжи менен Академиялык  мобилдүүлүк жана өз ара кызматташтык  боюнча эки тараптуу түзүлгөн келишимге кол коюлду. Түзүлгөн келишимдин негизинде Академиялык  мобилдүүлүк  прграммасын ишке

«Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк» (07.12.2023)«Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк» (07.12.2023)

2023-жылдын  7-декабрында  Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына жана “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында  “Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк” аттуу темадагы конференция