Центрально-Азиатский Колледж Новости Академиялык мобилдүүлүктүн билим берүү чөйрөсүндөгү таасири (11.02.2025-14.02.2025)

Академиялык мобилдүүлүктүн билим берүү чөйрөсүндөгү таасири (11.02.2025-14.02.2025)

Академиялык мобилдүүлүктүн  билим берүү чөйрөсүндөгү  таасири (11.02.2025-14.02.2025) post thumbnail image

Борбордук Азия колледжи менен Таш-Көмүр аймактык колледжинин Академиялык мобилдүүлүк  жана өз ара кызматташтык боюнча эки тараптуу түзүлгөн  келишимдин негизинде   2025-жылдын 11-февралынан 14-февралына чейин  кыска мөөнөттү Академиялык мобилдүүлүк жумасы өттү. 

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашырууда Таш-Көмүр аймактык колледжинин 4 окутуучусу Борбордук Азия колледжине келишти. Алар: «Математика» сабагынын окутуучусу  Максүтали кызы  Өмүркан, «Кыргызстан тарыхы» сабагынын окутуучусу Калыбекова Бактыгуль Надырбековна, “Кыргыз адабияты” сабагынын окутуучусу Момунова Айнуска Талантбековна, “Компьютердик сабаттуулук” сабагынын окутуучусу Эгамбердиев Тимур Гарипжанович.

Таш-Көмүр аймактык колледжинин «Кыргызстан тарыхы» сабагынын окутуучусу Калыбекова Б.Н. Борбордук Азия колледжинин 1-курс студенттерине жумалык жадыбалга ылайык сабактарды өткөрдү. Сабак өтүүдө окутуучу анын структурасын жана этаптарын так сактап, студенттер менен тыгыз жана активдүү иш алып барды. Материалды түшүндүрүүдө жасалма интеллекттин жардамы менен презентация колдонуп, сабактарды кызыктуу жана жандуу өткөрдү. Жуманын аягында 1-курсунун 11ПНК тайпасына «Кыргызстан улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө» аттуу темада ачык сабак өттү. Сабактын темасын бекемдөө максатында студенттер арасында “Рулетка” усулу аркылуу сурамжылоо жүргүзүп, алардын аналитикалык жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошту.

Таш-Көмүр аймактык колледжинин «Кыргыз адабияты» сабагынын окутуучусу Момунова Айнуска Талантбековна Борбордук Азия колледжинин 1-курс студенттерине «Кыргыз адабияты» сабагы боюнча жуманын ичинде  интерактивдүү усулдарды колдонуу менен сабак өттү.  Жуманын акырында 1-курстун 11П тайпасына «А. Осмоновдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы» аттуу темада ачык сабак өткөрүп, акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, тактыкты жана конкреттүүлүктү далилдүү мисалдар аркылуу талдоого жетишти. Студенттер акындын лирикаларын көркөм окуп, анын тагдырындагы армандуу учурларды, көңүл чөккөн маанайын жана чыгармачылыгындагы устаттык менен берилген образдарды Сынчыл ой жүгүртүү усулунун негизинде талкуулашты. Сабактын соңунда окутуучу студенттер менен биргеликте акындын «Ата Журт» аттуу ырын жандуу аткарышып, алардын атуулдук сезимин ойготууга жана руханий дем берүүгө жетишти.

Таш-Көмүр аймактык колледжинин «Компьютердик сабаттуулук» сабагынын окутуучусу Эгамбердиев Тимур Гарипжанович жуманын ичинде 2-курстун 21/22БД, БУ, НиН тайпаларына «Информатика» сабактарын өткөрдү. Сабак учурунда окутуучу интерактивдүү усулдарды колдонуп, компьютердин түзүлүшү жана аны натыйжалуу пайдалануу боюнча студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жетишти. Сабактар негизинен презентация, аудио жана видео материалдарды камтып, студенттер үчүн маалыматтарды өздөштүрүүнү жеңилдетип, сабакты кызыктуу жана жандуу өткөрүүгө багытталды.

Таш-Көмүр аймактык колледжинин «Математика» сабагынын окутуучусу Максүтали кызы Өмүркан
академиялык мобилдүүлүк жумалыгынын алкагында Борбордук Азия колледжинин 1-курс студенттерине «Математика» сабактарын өткөрдү. 
Сабактар компьютер жана проекторду колдонуу менен интерактивдүү усулдар аркылуу өтүп, негизинен практикалык тапшырмаларга басым жасалды. Окутуучу студенттерге ар кандай математикалык формулаларды колдонуу менен эсеп чыгарууну үйрөттү. Жуманын акырында окутуучу ачык сабак өткөрүп, анда өзүнүн педагогикалык чеберчилигин көрсөтүп, студенттердин билим сапатын жогорулатууга жетише алды.

Таш-Көмүр аймактык колледжи менен Борбордук Азия колледжинини окутуучуларынын арасында   “Орто кесиптик окуу  жайларында Аккадемиялык мобилдүүлүктөгү көйгөйлөр” аттуу темада сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анда окуу жайлардын арасында Студенттик олимпиадаларды уюштуруу, Спорттук мелдешттерди өткөрүү жана Жумуш ордунда окутуу иштери  боюнча ой бөлүштү.

Конок лекцияларын өткөргөн окутуучуларга Ыраазычылык каттар жана Сертификаттар  тапшырылды. БАКтын директору Таш-Көмүр аймактык колледжинин директоруна ыраазычылыгын билдирип, педагогикалык кызматташтык мындан ары да улануусуна тилектеш экендигин билдирди.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

На базе Центрально-Азиатского колледжа с 22 октября по 25 октября 2024 года была Неделя климата, посвященная глобальным вопросам изменения климата.На базе Центрально-Азиатского колледжа с 22 октября по 25 октября 2024 года была Неделя климата, посвященная глобальным вопросам изменения климата.

25 октября 2024 года в Центрально-Азиатском колледже прошла студенческая конференция в честь 29-ой конференции Сторон Рамочной конвенции ООН об изменении климата (КС-29) на тему: “От улучшения климата к сохранению планеты”,

«Академиялык мобилдүүлүк» — билим сапатын бирге өнүктүрүүнүн жолу 12.10.2023«Академиялык мобилдүүлүк» — билим сапатын бирге өнүктүрүүнүн жолу 12.10.2023

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окутуучунун педагогикалык тажырыйбасын алмаштыруу жана студенттердин билим сапатын жогорлатуу максатында Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумуна барышты. Ал жерде Мирфазиева Г.А., Маслова Н.Г, Султангазиева М.Б. БАКтын студенттери

Борбордук Азия колледжинин студенттери бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү боюнча иш-чарага катышуусу (01.12.2025ж).Борбордук Азия колледжинин студенттери бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү боюнча иш-чарага катышуусу (01.12.2025ж).

2025-жылдын 1-декабрында Борбордук Азия колледжинде Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган маалыматтык-профилактикалык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында ВИЧ/СПИД тууралуу туура маалымат берүү жана алардын саламаттыкка болгон