Центрально-Азиатский Колледж Новости Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 19-февралы күнү Центрально-Азиялык колледждин администрациясынын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын ГОВДсынын начальниги, милициянын подполковниги Талантбек Абылкасымович Сабырканов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга 1-курстун 105 студенти жана колледждин окутуучулары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ГОВДнын начальниги жаштар арасында мыйзам бузуулардын себептери жана кесепеттерин түшүндүрүп, социалдык чөйрө жана ата-энелердин көңүл буруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыйуу, анын себептери жана кесепеттерин талкуулады. Мектептердеги жана окуу жайларындагы зордук-зомбулук жана рэкет маселелери да көтөрүлдү. Талантбек Абылкасымович мектептерде жана үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алууда коомдун, билим берүү мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан тышкары, милициянын начальниги жаштарга түнкү убакыт режимин сактоо, ошондой эле мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык жүрүм-турумду камсыздоо боюнча өздөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ата-энелердин балдарынын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, алардын түнкү убакыттагы иш-аракеттерине жоопкерчилик жөнүндө да айтылды.

 

Жолугушуу аяктагандан кийин катышуучулар суроолорду берип, аларга толук жана пайдалуу жоопторду алышты. Бул студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын коопсуздугу менен жакшы турмушу үчүн мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)

2024 – жылдын 29 – февралында  БАКтын Англис тили сабагынын  окутуучусу Каленов К.К. 11-4 (11ПНК,11ФК,11ПД, 11ИЯ) тайпаларына “Предлоги”,  “ Оборот. There is … There are” – деген темада ачык саат

Администрация ЦАК приняла участие на туристическом форуме «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» «Возрождение забытых городов» (17.10.2025г.)Администрация ЦАК приняла участие на туристическом форуме «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» «Возрождение забытых городов» (17.10.2025г.)

С 15 по 17 октября 2025 года в городе Майлуу-Суу Джалал-Абадской области Кыргызской Республики состоялся Туристический форум «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» – «Возрождение забытых городов». Форум был организован мэрией

«Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк» (07.12.2023)«Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк» (07.12.2023)

2023-жылдын  7-декабрында  Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына жана “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында  “Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк” аттуу темадагы конференция