Центрально-Азиатский Колледж Новости Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу: үй-бүлөнүн, мектептин жана чөйрөнүн таасири (20.02.2025)

Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу: үй-бүлөнүн, мектептин жана чөйрөнүн таасири (20.02.2025)

Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу: үй-бүлөнүн, мектептин жана чөйрөнүн таасири (20.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 20-февралы күнү Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын демилгеси менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Ага мектеп директорлору, колледждердин социалдык жана тарбия иштер боюнча директорлорунун орун басарлары, социалдык кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле мектептердин жана окуу жайларынын ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайлардагы жаштардын жүрүм-туруму, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка себепкер болгон факторлор, сабактарды өткөрүп жиберүү, ошондой эле үй-бүлөнүн өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу ролу сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Мектеп директорлору балдарды окутуу жана тарбиялоо чөйрөсүндөгү кыйынчылыктарды ортого салышты. Алар көбүнчө сабакка катышпаган жана кылмыштарга катышууга жакын балдар – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн же ата-энеси чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары экендигин белгилешти. Тийиштүү көзөмөл болбогондуктан, мындай өспүрүмдөр карамсыз калат, бул болсо аларды социалдык жактан терс иштерге тартуунун коркунучун жогорулатат.

Кеңешмеге катышкан өкүлдөр билим берүү мекемелери, социалдык кызматтар жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттери аркылуу өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу жана алардын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгилешти. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарга кошумча колдоо көрсөтүү, ата-энелер менен иш алып баруу жана сабактарга катышуу деңгээлин көзөмөлдөө чараларын күчөтүү сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу жана шаардагы билим берүү мекемелеринде тарбиялык процессти жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Влияние автоматизации на бухгалтерский учет: Роботы и искусственный интеллект — Студенческая конференция (20.03.2025)Влияние автоматизации на бухгалтерский учет: Роботы и искусственный интеллект — Студенческая конференция (20.03.2025)

20 марта 2025 года в прошла студенческая конференция на тему «Влияние автоматизации на бухгалтерский учет: Роботы и искусственный интеллект». Организаторами стали студенты 3-го курса группы 31/32БД специальности 080110 «Экономика и

«23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 2024-жылдын 22-февралында көргөзмөсү болду» (22.02.2024)«23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 2024-жылдын 22-февралында көргөзмөсү болду» (22.02.2024)

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 2024-жылдын 22-февраль күнү Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндө өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага БАКтын студенттеринен түзүлгөн “Ар Намыс” курама командасы аскерге даярдык боюнча көргөзмөсүн көрсөтүштү жана улуу ата-мекендик

ЦАК вошёл в число 30 приоритетных колледжей Кыргызстана по итогам национального рейтинга (21.05.2025).ЦАК вошёл в число 30 приоритетных колледжей Кыргызстана по итогам национального рейтинга (21.05.2025).

21 мая 2025 года Центрально-Азиатский колледж (ЦАК) вошел в число 30 приоритетных колледжей Кыргызской Республики по итогам Национального рейтинга образовательных организаций среднего профессионального образования, организованного ОФ «Независимый институт аккредитации, рейтинга