Центрально-Азиатский Колледж Новости Ата Мекенди коргоо — ыйык жана ардактуу милдет (22.02.2025)

Ата Мекенди коргоо — ыйык жана ардактуу милдет (22.02.2025)

Ата Мекенди коргоо — ыйык жана ардактуу милдет (22.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 22-февралында Борбордук Азия колледжинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган жыл сайын өткөрүлүүчү «Кана эмесе жигиттер 2025» саптык даярдык конкурсу болуп өттү. Мелдешке ар бир кесиптик тайпаларынан командалар түзүлүп, жалпысынан 100дөн ашык студент катышты. Бул сынак катышуучулардын жогорку деңгээлдеги тартибин, биримдигин жана дене тарбия даярдыгын көрсөттү. 

Сынактын программасы төмөнкүдөй болду:

  • командалардын саптык маршировкасы,
  • кыймыл учурунда бурулуш элементтери менен манёвр жасоо,
  • курал менен иштөө,
  • бычак жана курал колдонулган кол күрөш ыкмаларын көрсөтүү.

Мындан тышкары, катышуучулар бутага так атуу, Калашников автоматын чогултуу жана бөлүктөргө ажыратуу боюнча күч сынашты. Акыркы этапта ылдамдыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган аскердик тоскоолдуктар менен коштолгон эстафета уюштурулду.

Ошондой эле студенттердин аскердик наамдарды билүүсү текшерилип, аскердик форманы тез кийип-чечүү боюнча мелдеш да болду.

Сынактын калыстар тобунун курамына ардактуу коноктор жана ар кандай түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирди. Калыс катары төмөнкү адамдар чакырылды:

  • Майлуу-Суу шаарынын прокурору Асакеев Эрнист Эркинбекович,
  • БАКтын «Педагогика жана укук» ПЦКнын төрагасы Масиров Заирбек Кочкорович,
  • Майлуу-Суу шаарынын аскер комиссары Осмонов Айтмамат Жапарович,
  • №12544 аскер бөлүгүнүн командири Кочкоров Алтынбек Камильжанович,
  • Майлуу-Суу шаарынын ИИБдин башчысы Сабырканов Талантбек Абылкасымович.

Калыстар тобу жогорку кесипкөйлүгүн, калыстыгын жана бейтараптуулугун көрсөтүп, катышуучулардын чыгышын так жана адилеттүү баалашты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча эң мыкты команда деп «Манас» командасы таанылды. Ал 1-курс, 11П (Укук таануу) тайпасынын студенттеринен түзүлгөн.

Экинчи орунду «Аманат» командасы ээледи, анын курамына 3-курс, 31/32П (Укук таануу) тайпысынын студенттери кирген.

Үчүнчү орунга «Мурас» командасы татыктуу болду. Бул команда 3-курс, 31/32КС (Компьютердик системалар жана комплекстер) тайпасынын студенттеринен түзүлгөн.

Командалык сыйлыктардан тышкары, төмөнкү жеке номинациялар боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды:

  • «Мыкты мерген» – Калматов Сулайман, 3-курс, 31БД (Банк иши) тайпасынын студенти;
  • «Эң мыкты автоматын чогултуу жана бөлүктөргө ажыратуу» – Шамшиева Айжан, 1-курс, 11ИЯ (Чет тили) тайпасынын студенти;
  • «Эң мыкты капитан» – Большевиков Ульян 3-курс, 31/32П (Укук таануу) тайпасынын студенти.

Сынактын жыйынтыгында БАКтын администрациясы калыстар тобуна адилеттүү баалоосу жана жаштарды патриоттук духта тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

ЦАК делает город зеленее: участие в национальной кампании «Жашыл мурас» (02.04.2025)ЦАК делает город зеленее: участие в национальной кампании «Жашыл мурас» (02.04.2025)

2 апреля 2025 года студенты и преподаватели Центральноазиатского колледжа приняли участие в национальной кампании «Жашыл мурас» и провели посадку деревьев в сквере между улицами Заводская и Кутмановой. В субботнике участвовали

«Государственное социальное обеспечение и пенсионное обеспечение» (13.03.24)«Государственное социальное обеспечение и пенсионное обеспечение» (13.03.24)

13 марта 2024 года, проведена встреча с заместителем начальника  социального фонда Н. Абдыкапаровым на тему “Государственное социальное обеспечение и пенсионное обеспечение». Во время встречи, некоторые студенты задавали вопросы. Ответы на