Центрально-Азиатский Колледж Новости 21-февраль-Эне тилдин эл аралык күнү (20.02.2025-ж.)

21-февраль-Эне тилдин эл аралык күнү (20.02.2025-ж.)

21-февраль-Эне тилдин эл аралык күнү (20.02.2025-ж.) post thumbnail image

Борбордук Азия  колледжинде 2025-жылдын  20-февралында  “Мен кыргыздын жаранымын” ураанынын алдында  “Эне тилим менин дилим” темасында 21-февраль- Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата   «Эне тил улуттун байлыгы» аттуу темада  студенттик-практикалык конференция өткөрүлдү. 

Конференцияга Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын лейтенанты Жоробаева А.Р. ШИИБдин КККнынмаыомил.улук лейтенанты Тологон уулу Ш жана КККнын ЖЖЭИИ милициянын кенже лейтенанты А.М.Маматовдор  катышышты.    Конференцияда эне тилдин сакталуусун өнүктүрүү боюнча негизги маселелерди, тилдин улуттук иденттүүлүктөгү орду, тил саясатындагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору жана кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө,  алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу  максатында “Чет тили” адистигинин 3-курсунун  31/32ИЯ тайпасынын  студенттери  тарабынан өзбек, кыргыз, орус, француз, казак ж.б тилдерде майрамдык куттуктоолор  айтылып,  видеороликтер даярдалып көрсөтүлдү.

Укук таануу адистигинин 11П тайпасынын студенти Орозалиева А. Каипова Д. 31/32ИЯ тайпасынын студенти Калдарова С. өз докладдарында улуттук тилдердин баалуулуктарын, үрп-адаттарын, каада-салттарын жана маданий, руханий мурастарын  жайылтып, сактоо керек  деген ойлорун билдиришти.

31/32ИЯ тайпасынын студенттери  Мамасабирова К. Арстанова Б. Убайдуллаева А. Юлдашева Г. кыргызстанда жашаган бардык улуттардын улуулугун  көрсөтүшүп,  кыргыз, өзбек, казак, кытай орус  элдеринин     бийлерин бийлешти.

Эне тил — ар бир улуттун өзгөчөлүгүн, тарыхын, маданиятын жана келечектеги  муундарга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн жооптуу.  Эне  тилибизди сактап, урматтап,  тилибиздин кадыр – баркын жогорку деңгээлге көтөрөлү”- деген ойлор менен конференция жыйынтыкталды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

БАКтын мыкты студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушууда (20.10.2023)БАКтын мыкты студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушууда (20.10.2023)

2023-жылдын 20-октябрда Борбордук Азия колледжинин студенттери “Ички академиялык мобилдүүлүктүн” алкагында Бишкек шаарындагы орто кесиптик окуу жайларына окууга келген  мезгилде Жогорку Кеңештин имаратында болушуп,Жогорку Кеңештин депутаттары Суравалдиева Эльвира Жыргалбековна, Конститутциялык мыйзамдар

Студенты Центрально-Азиатского колледжа поздравили преподавателей с Днем учителя (04.10.2024г).Студенты Центрально-Азиатского колледжа поздравили преподавателей с Днем учителя (04.10.2024г).

4 октября 2024 года перед учебным корпусом Центрально-Азиатского колледжа прошла Торжественная линейка, посвященная 5 октября — Дню учителя. Праздничное мероприятие была организована Студенческим сенатом колледжа. На мероприятии с поздравительной речью