Центрально-Азиатский Колледж Новости «Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи менен биргелешкен конференциясы өттү (19.03.2025).

«Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи менен биргелешкен конференциясы өттү (19.03.2025).

«Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи  менен биргелешкен конференциясы өттү (19.03.2025). post thumbnail image

2025-жылдын 19-мартында Майлуу-Суу шаарынын шаардык ички иштер бөлүмүнүн базасында «Жаштар кылмыштуулугу: себептери жана кесепеттери» аттуу конференция болуп өттү. Иш-чараны Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү жана Борбордук Азия колледжи биргеликте уюштурду.

Конференцияга Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Сабырканов Талантбек Абылкасымович, Майлуу-Суу шаарынын прокурору Асакеев Эрнест Эркинбекович, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Социалдык маселелери боюнча бөлүм башчысы Масурова Чынара Садыковна, Майлуу-Суу шаарындыагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сагындыкова Адинахан Эргешовна, ошондой эле шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Борбордук Азия колледжинин окутуучулары жана студенттери катышты. Конференциянын коноктору катары шаардагы мектептердин тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары жана мектептердин президенттери чакырылды.

Конференцияда жаштар кылмыштуулугунун көйгөйлөрү, жаштарды кылмыш жасоого түрткөн факторлор, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана кесепеттери талкууланды. Тартип коргоо органдарынын жетекчилери Майлуу-Суу шаарындагы жаштар кылмыштуулугу боюнча жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыктарын сунуштап, анын өзгөчөлүктөрү жана кесепеттери жөнүндө кеңири айтып беришти. Ошондой эле, кылмыш жасаган учурда кандай жазага тартыларын түшүндүрүшүп, жаштарды жоопкерчиликтүү жана мыйзамды сыйлаган жарандар болууга чакырышты.

Социалдык структуралардын жетекчилери жаштар кылмыштуулугунун себептерине токтолуп, үй-бүлөлүк тарбиянын, айлана-чөйрөнүн, ошондой эле социалдык тармактардын таасиринин маанилүүлүгүн белгилешти.

WhatsApp Image 2025-03-19 at 17

Конференциянын жүрүшүндө 030503 «Укук таануу» адистигинде окуган Борбордук Азия колледжинин студенттери баяндама жасашты. Алар жаштар арасындагы кылмыштуулуктун түрлөрү тууралуу айтып беришти: үй-бүлөлүк зомбулук, алдамчылык, өз жанын кыюу, уурулук, тоноо, баңги заттарды колдонуу, кибер-кылмыштуулук ж.б. Студенттер өз баяндамаларын презентациялар жана видеороликтер менен толуктап, Майлуу-Суу шаарынын тургундары арасында жаштар кылмыштуулугунун себептери боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын сунушташты.

Конференциянын жыйынтык бөлүгүндө Борбордук Азия колледжинин директору А.Т. Агабеков сөз сүйлөдү. Ал студенттердин баяндамаларын жыйынтыктап, жаштар кылмыштуулугунун негизги себептерине токтолду, аны азайтуу жолдору боюнча ой бөлүштү жана келечекте бул багытта жүргүзүлө турган иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жаштарды досторду жана айлана-чөйрөнү тандоодо этият болууга, социалдык тармактардан алынган маалыматтарды туура талдоого жана келечегин акылмандык менен курууга чакырды.

WhatsApp Image 2025-03-19 at 17

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«Центрально-Азиатский колледж: Память, хранимая сквозь поколения» (18.04.2025)«Центрально-Азиатский колледж: Память, хранимая сквозь поколения» (18.04.2025)

18 апреля 2025 года директор Центральноазиатского колледжа А.Т. Агабеков, заместитель директора по методической работе и развитию государственного языка Г.Ж. Эгемназарова, а также студенты 3 курса группы 31/32ИЯ Калдарова Сезимай, Убайдуллаева Айгерим,

3- март Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алган күнү (03.03.2025)3- март Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алган күнү (03.03.2025)

Бүгүн, 3-мартта, Борбордук Азия колледжинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттерге мекенчилдик духту тартуулоо, Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун маанисин терең түшүндүрүү жана аларга болгон

В честь 100-летия образования Кара-Кыргызской автономной области прошел турнир среди студенческих групп ЦАК по футболу. (С 10.09.24 по 10.10.24).В честь 100-летия образования Кара-Кыргызской автономной области прошел турнир среди студенческих групп ЦАК по футболу. (С 10.09.24 по 10.10.24).

В честь 100-летия образования Кара-Кыргызской автономной области с 10.09.24 по 10.10.24 года прошел турнир по футболу среди студенческих групп ЦАК по специальностям. В целом в турнире приняли 18 команд. Судьями