Центрально-Азиатский Колледж Новости 2010- жыл 7-апрель — эскерүү күнү жана сабактары (07.04.2025)

2010- жыл 7-апрель — эскерүү күнү жана сабактары (07.04.2025)

2010- жыл 7-апрель — эскерүү күнү жана сабактары (07.04.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 7-апрелинде Борбордук Азия колледжинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери 2010-жылдагы апрель окуяларынын жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышышты.

Колледждин директору Агабеков А.Т., окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Наркулова Н.Н., ошондой эле дене тарбия сабагынын окутуучулары Карагулов Б.Т., Кучербаев К. жана Суранов Э.Т., ошондой эле окуу жайдын 030503 «Укук таануу» адистигинин 1-курс студенттери 2010-жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышышты. Иш-чаранын алкагында алар ошол тарыхый окуяларда курман болгон Майлуу-Суу шаарынын тургуну Бостонкулов Макстан Өзгөрүшевичтин эстелигине барып, анын эл үчүн жасаган эрдигин терең урматтоо менен гүл коюп, бир мүнөттүк үнсүз туруу аркылуу анын жаркын элесин эскеришти.

Бул маанилүү күнгө карата марафон жарышы да уюштурулду. Иш-чарада окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, жыйынтыгында улуулардын арасында дене тарбия окутуучусу Кучербаев К. 1-орунду, ал эми жаштар арасында 3-орунду 1-курсундагы 11П тайпасынын студенти Махкомов Нурлан ээледи.

Мындай иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, тарыхты унутпай, эркиндик үчүн курман болгондордун эрдигин баалоого чоң салым кошот.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)Жаштар таза шаар үчүн (13.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 5- сентябрьндагы №23-3/2385 катындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфроструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планына

«Знание – сила: Объединяясь против ВИЧ/СПИДа» (30.11.2023)«Знание – сила: Объединяясь против ВИЧ/СПИДа» (30.11.2023)

30 ноября 2023 года в малом конференц. зале Центрально-Азиатского колледжа в соответствий с Указом Президента КР и приказом Мэрии г.Майлуу-Суу состоялась встреча представителей ЦОВП города Майлуу-Суу со студентами Центрально-Азиатского колледжа. На встрече

Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча Жумуш ордунда окутуу формасын ишке ашыруудагы жасалган саякат (07.09.2024)Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча Жумуш ордунда окутуу формасын ишке ашыруудагы жасалган саякат (07.09.2024)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №270 Жарлыгына карата кыргыз элинин тарыхый жерлерин даңазалоо, каада-нускаларын жайылтуу жана жаштарды мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо максатында