Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)

Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)

Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 18-мартынан 20-мартына чейин Борбордук Азия колледжинин студенттери арасында “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы болуп өттү. Бул сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу” боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы №23-3/61 тапшырма катынын негизинде уюштурулду.

Кароо-сынакка жалпы он сегиз команда катышты. Сынактын калыстары болуп Майлуу-Суу шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери чакырылды. Сынактын жүрүшүндө студенттер мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, «Манас» эпосун Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча айтып беришти.

Сынактын жыйынтыгында эң мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп, биринчи орунду биринчи курстун 11-ПНК тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Манас Руху” командасы ээледи. Экинчи орунду биринчи курстун 11-КС тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Жаш Айдар” командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орунду үчүнчү курстун 31-БД тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Бакай” командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө окуу жайдын администрациясы тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Баткен согушунун ардагерлеринен ыраазычылык (18.09.2024)Баткен согушунун ардагерлеринен ыраазычылык (18.09.2024)

2024-жылдын 18-сентябрында Майлуу-Суу шаарындагы «Эрдик» скверинде Баткен согушунда катышкан жоокерлерди эскерүү күнүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн митингде Борбордук Азия колледжинин директору А.Т. Агабеков жаштарды мекенди сүйүүгө жана патриоттуулук сезиминде тарбиялоодогу

21-февраль-Эне тилдин эл аралык күнү (20.02.2025-ж.)21-февраль-Эне тилдин эл аралык күнү (20.02.2025-ж.)

Борбордук Азия  колледжинде 2025-жылдын  20-февралында  “Мен кыргыздын жаранымын” ураанынын алдында  “Эне тилим менин дилим” темасында 21-февраль- Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата   «Эне тил — улуттун байлыгы» аттуу темада  студенттик-практикалык

Юбилей Вооруженных сил Кыргызской РеспубликиЮбилей Вооруженных сил Кыргызской Республики

21 мая 2022 года студенты Центрально-Азиатского колледжа посетили войсковую часть 12544 г.Майлуу-Суу, где был организован «День открытых дверей» посвященный 30-летию Вооруженных сил Кыргызской Республики. На данном мероприятии студенты ознакомились бытом