Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский колледж

Ebilim

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Телефондук алдамчылыктын натыйжалары: акча жоготуу жана жеке маалыматтын коркунучу» аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү (22.10.2025-ж).

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-октябрындагы №01-17/89 катынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын Ноокен райондук бөлүмүнүн тапшырма катынын негизинде Борбордук Азия колледжинде студенттер менен Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте «Телефондук алдамчылыктын натыйжалары: акча жоготуу жана жеке маалыматтын коркунучу» аттуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга биринчи курстун 76дан ашуун студенти катышты. Иш-чараны колледждин директору Агабеков А.Т. ачып, келген конокторду тааныштырды. Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өкүлү Масиров Өмүрбек Заирбекович жана милициянын капитаны Нарматов Нурсултан Базарбаевич.

Коноктор өз сөзүндө учурда Кыргыз Республикасынын аймагында телефондук алдамчылык аракеттери кескин көбөйүп жатканын белгилешти. Белгисиз адамдар мобилдик мессенджерлер — WhatsApp жана Telegram аркылуу өздөрүн УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери же мамлекеттик жана банк мекемелеринин өкүлдөрү катары тааныштырып, жарандардын каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу максатында ар кандай манипуляцияларды жүргүзүп жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар телефондук алдамчылык темасында даярдалган видеоматериалдарды көрсөтүшүп, байланыш операторлорунун SIM-карталары аркылуу активдештирилген жалган аккаунттардын сатылышы, банк карталарынын маалыматтарын сурап алуу, жана кредиттик карталар аркылуу жасалган алдамчылык схемалары боюнча түшүндүрмө беришти. Студенттер иш-чарага активдүү катышып, суроолорун берип, адистерден кеңири жоопторду алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *