Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж).

Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж).

Борбордук Азия колледджинде жеңил атлетика боюнча XVI күзгү студенттик спартакиадасы өткөрүлдү (24.10.2025ж). post thumbnail image

Борбордук Азия колледжи Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук долбоорунун жана «Спорттук Кыргызстан»улуттук программасынын алкагында, студенттердин дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу, жаштардын достугун жана ынтымагын бекемдөө максатында 2025-жылдын 24-октябрында Майлуу-Суу шаарынын спорт аянтчасында тайпалар арасында күзгү жеңил атлетика боюнча спартакиада өткөрүлдү.

Иш-чарага колледждин ар түрдүү адистиктери боюнча билим алып жаткан студенттер активдүү катышышып, спорттук духта мелдештерге чоң даярдык көрүштү. Спартакиаданын ачылышы мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңыртылды. Андан соң студенттер ортосунда достук мүнөздөгү футбол оюну өткөрүлүп, негизги спорттук программа улантылды.

Программанын негизинде төмөнкү спорттук оюндар жана мелдештер уюштурулду:

  1. Чуркоо – 100 метр, эркектер жана кыздар арасында өз-өзүнчө категориялар менен;

  2. Эстафета – 4×100 метр, командалык биримдикти жана ылдамдыкты көрсөтүү максатында;

  3. Гиря көтөрүү, күч жана чыдамкайлык сынагы катары;

  4. Аркан тартыш, тайпалар ортосунда ынтымакты жана бирдикти чыңдоо максатында;

  5. Граната ыргытуу, спортчулардын физикалык даярдыгын текшерүү үчүн;

  6. Кол күрөш, эркектер жана кыздар арасында өзүнчө өткөрүлдү.

Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн мыкты спорттук жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ар бир тайпа жеңишке жетүү үчүн аракет кылып, командалык рух жана жигердүүлүк менен өз тайпаларынын намысын коргошту.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо учурунда калыстар тобу ар бир дисциплинаны адилеттүү баалап, мыктыларды өз орду менен белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер бири-бирин колдоп, достук, ыймандуулук жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында саламат жашоо образын жайылтуу, спорт аркылуу патриоттук сезимди күчөтүү жана белгиленген улуттук программалардын максаттарын иш жүзүнө ашыруу болду.

Спартакиаданын жыйынтыгында мыкты тайпалар жана жеке катышуучулар Ардак грамоталар, дипломдор жана сыйлыктар менен белгиленет. Бардык белектер жана сыйлыктар 17-ноябрдагы Эл аралык студенттер күнүнө карата тапшырылат.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата «Барпы Алыкулов — элдик чыгармачылыктын чолпон жылдызы» студенттик-практикалык конференция өткөрүлдү. (18.10.2024)Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата «Барпы Алыкулов — элдик чыгармачылыктын чолпон жылдызы» студенттик-практикалык конференция өткөрүлдү. (18.10.2024)

2024-жылдын 18-октябрында Борбордук Азия колледжинин “Банк иши” жана “Укук таануу” адистигинде окуп жаткан студенттери менен биргеликте  Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата “Барпы Алыкулов – элдик чыгармачылыктын чолпон жылдызы” аттуу темада

Турнир по баскетболу среди юниоров (14.02.2025-17.02.2025)Турнир по баскетболу среди юниоров (14.02.2025-17.02.2025)

По инициативе детско-юношеской спортивной школы г. Майлуу-Суу с 14 по 17 февраля 2025 года прошёл городской турнир по баскетболу среди школ и колледжей города. В соревнованиях приняли участие баскетбольные команды,

Академиялык мобилдүүлүк — ишмердүүлүктүн жаңы өнөктөшү 23.10.2023Академиялык мобилдүүлүк — ишмердүүлүктүн жаңы өнөктөшү 23.10.2023

2023-2024-окуу жылында И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Бишкек-техникалык колледжи менен Борбордук Азия колледжи  Академиялык  мобилдүүлүк келишимине эки тараптуу кол коюлду. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  БАКтын  бардык адистигиндеги 1-курсунун 12