Центрально-Азиатский Колледж Новости Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).

Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж).

Майлуу-Суу шаарынын прокурору менен Борбордук Азия колледжинин студенттери «Жаштар коррупцияга жана тыюу салынган дары-дармектерге каршы» аттуу темасында жолугушуу өткөрүштү (23.10.2025ж). post thumbnail image

2025-жылдын 23-октябрында Майлуу-Суу шаарынын прокурору Назарбеков Асылбек Назарбекович менен Борбордук Азия колледжинин студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага колледждин 1–2-курсундагы «Укук таануу» адистигинде билим алып жаткан 83 студент катышты. Жолугушуунун негизги максаты — студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу, жаштар арасында мыйзам бузуулардын жана коомдук кооптуу көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.

Коррупцияга каршы күрөш — ар бир жарандын жоопкерчилиги

Жолугушуу учурунда прокурор Асылбек Назарбекович студенттерге коррупциянын коомго келтирген зыяндары, анын мамлекеттин өнүгүшүнө тийгизген терс таасирлери жана ар бир жарандын бул көрүнүшкө каршы туруудагы жеке жоопкерчилиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ал коррупциянын тамырына каршы күрөшүү билим берүү мекемелеринен башталаарын белгилеп, жаштарды адилеттүүлүк, тазалык жана ак ниеттик принциптерин карманууга чакырды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата кабыл алынган Мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары тууралуу да маалымат берип, студенттерди активдүү жарандык позицияны карманууга үндөдү.

Тыюу салынган дары-дармектерден алыс болуу — жашоонун баалуулугу

Мындан тышкары, жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелердин бири болгон жаштар арасында тыюу салынган дары-дармектерди колдонуу  темасы да талкууланды. Прокурор жаштарга мындай заттардын адамдын ден соолугуна, психологиялык абалына жана жашоосуна тийгизген оор кесепеттери тууралуу мисалдар менен түшүндүрүп өттү. Ал соңку жылдары өлкө аймагында айрым жаштардын тыюу салынган заттарды колдонуп, өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшү жандуу мүнөздө өтүп, студенттер суроолорун берип, өз пикирлерин ортого салышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай жолугушуулар жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууда жана коомдук жоопкерчиликти калыптандырууда чоң мааниге ээ экенин белгилешти.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Пенсионная система и накопительный фонд КР: что важно знать (10.10.2025)Пенсионная система и накопительный фонд КР: что важно знать (10.10.2025)

10 марта 2025-го года прошел семинар по инициативе Майлуу-Суйского городского управления социальным фондом. Семинар провел заместитель директора Абдыкапаров Нурлан  Жолчумаматович. Приняли участие преподаватели и студенты ЦАК. На семинаре обсуждались ключевые вопросы, касающиеся

Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу: үй-бүлөнүн, мектептин жана чөйрөнүн таасири (20.02.2025)Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу: үй-бүлөнүн, мектептин жана чөйрөнүн таасири (20.02.2025)

2025-жылдын 20-февралы күнү Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын демилгеси менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Ага мектеп директорлору, колледждердин социалдык жана тарбия иштер боюнча директорлорунун орун басарлары, социалдык кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү,

От теории к практикеОт теории к практике

15 апреля 2022 года на базе Майлуу-Сууского городского суда прошёл тренинг для студентов Центрально-Азиатского колледжа по основам Уголовного, гражданского, семейного законодательства,а так же уголовной ответственности несовершеннолетних, который провел судья Майлуу-Сууского