2025-жылдын 1-декабрында Борбордук Азия колледжинде Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган маалыматтык-профилактикалык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында ВИЧ/СПИД тууралуу туура маалымат берүү жана алардын саламаттыкка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болду.
Колледждин студенттери викториналарга, суроо-жооп сынактарына жана интерактивдүү тапшырмаларга активдүү катышып, ВИЧ инфекциясынын жугуу жолдору, алдын алуу жана коргонуу чаралары боюнча өз билимдерин көрсөтүштү. Туура жооп берген катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан белектер жана сертификаттар тапшырылып, студенттердин кызыгуусун жана мотивациясын арттырды.
Иш-чаранын жыйынтыгында жаштардын маалымдуулугу кыйла жогорулап, ден соолукту коргоонун мааниси дагы бир жолу белгиленди. Колледж администрациясы мындай профилактикалык иштер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.