Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский колледж

Ebilim

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

2025-2030-жылдырга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын аткаруу максатында «Коррупциясыз коом — муундарга мурас болчужаркын келечек» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (10.12.2025ж).

2025-жылдын 10-декабрында Майлуу-Суу шаарынын прокурорунун демилгеси менен Борбордук Азия колледжинде «Коррупциясыз коом – муундарга мурас болчу жаркын келечек» аттуу конференция болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты жаштарды коррупциянын терс таасирлеринен сактоо, укуктук маданиятын жогорулатуу жана коомдук жоопкерчиликти бекемдөө болду.

Конференцияга шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, коррупцияга каршы күрөшүүдө мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, ачык-айкындыкты жогорулатуу, жаңы муундун жарандык позициясын калыптандыруу боюнча маанилүү баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар стратегиянын негизги багыттары, анын коомдун өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана ар бир жаранга жүктөлгөн жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат алышты. Студенттер активдүү суроолорду берип, адистер менен талкуу жүргүзүштү.

Борбордук Азия колледжи мындай маанилүү иш-чараларды колдоого жана жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга арналган ишмердүүлүктү мындан ары да улантууга даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *