Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024- жылдын 5- сентябрьндагы №23-3/2385 катындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфроструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планына ылайык 2024- жылдын 14- сентябрьнда Республикалык ишембилик өткөрүү” тапшырмасын аткаруу максатында Борбордук Азия колледжинин октуучулары жана студентери ишембиликке чыгышты.
Жалпысынан 22 окутуучу, 87 студент катышышты. Окуу жайга бекитилген Майлуу-Суу шаарындагы Ж.Тайлаков атындагы эс алуу паркында ишембилик өткөрүлдү. Ошону менен бирге окуу жайдын башкы окуу корпусунун айлана-чөйрөсү жана суу агуучуу арыктары таштандырлардан тазаланды.