Центрально-Азиатский Колледж Новости ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ — АДАМДЫН ЖАШООСУНДАГЫ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК (05.11.2024).

ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ — АДАМДЫН ЖАШООСУНДАГЫ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК (05.11.2024).

ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ — АДАМДЫН ЖАШООСУНДАГЫ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК (05.11.2024). post thumbnail image

2024-жылдын 5-ноябрында Борбордук Азия колледжинин конференц-залында студенттер менен Имамдын атайын жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын негизги темасы — жаштарды руханий жана адептик жактан тарбиялоо, үй-бүлөнүн ролу жана жаман адаттардын алдын алуу болуп, бул маанилүү маселелер тууралуу ойлор кеңири талкууланды.

Иш-чара имамдын баяндамасы менен башталды. Ал өз сөзүндө исламдагы үй-бүлө куруунун негиздери, ата-эненин балдарга болгон жоопкерчилиги жана коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча терең ойлорун бөлүштү. Имам, ошондой эле, адеп-ахлак жана руханий тарбиянын маанисине кеңири токтолуп, бул сапаттардын жаш кыздардын келечегиндеги ролунун чоң экенин белгиледи. Ал кыздардын руханий жактан бекем болушу, өзүнө болгон урмат жана коомдук өзгөрүүлөргө туура жооп берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылып, адептик тарбиянын жашоодогу маанилүүлүгүн аныктап көрсөттү.

Жолугушуу учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, имамдан акыл-насаат сурашты. Ал ар бир суроого ачык жана түшүнүктүү жооп берип, жаштардын укуктарын жана милдеттерин жакшы түшүнүшү маанилүү экендигин, ошондой эле коомдогу жоопкерчиликтерин туура аткарышына байланыштуу кеңештерин берди. Имам кыздардын интеллектуалдык, адептик жана руханий жактан жакшы өнүгүүсү, алардын коомдо активдүү жана жоопкерчиликтүү жарандар болушуна жол ачарын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы студенттердин өздөрүнүн коомдогу ордуна жана жоопкерчиликтерине тереңирээк көз жүгүртүүсүнө түрткү берди. Имам кыздардын келечекте ийгиликтерге жетиши үчүн алардын моралдык жана руханий жактан чың болушу керектигин баса айтып, аларды жаман адаттардан алыс болууга, өзүн-өзү сыйлоо жана коомго жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды. Жолугушуу кыздардын интеллектуалдык, адептик жана руханий жактан өнүгүүсүнө чоң мотивация берди, бул алардын келечекке болгон көз караштарын жана ишенимдерин түзүүгө көмөк көрсөттү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Академиялык мобилдүүлүктүн билим берүү чөйрөсүндөгү таасири (11.02.2025-14.02.2025)Академиялык мобилдүүлүктүн билим берүү чөйрөсүндөгү таасири (11.02.2025-14.02.2025)

Борбордук Азия колледжи менен Таш-Көмүр аймактык колледжинин Академиялык мобилдүүлүк  жана өз ара кызматташтык боюнча эки тараптуу түзүлгөн  келишимдин негизинде   2025-жылдын 11-февралынан 14-февралына чейин  кыска мөөнөттү Академиялык мобилдүүлүк жумасы өттү.  Академиялык

Юристтерди даярдоодо иш ордунда өткөрүлгөн көчмө практикалык сабак (20.09.2024).Юристтерди даярдоодо иш ордунда өткөрүлгөн көчмө практикалык сабак (20.09.2024).

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 12- июлындагы №383 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик Билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндөгү Жобосуна» ылайык 2024- жылдын 20- сентябрьнда Майлуу-Суу шаардык

«Тил — достукка чакырат» (14.02.2024)«Тил — достукка чакырат» (14.02.2024)

2024-жылдын  14-февралында   окуу жайда  “Укук таануу” жана “Банк иши” адистиктеринин 3- курсундагы 31/32П жана 31/32БД тайпалары  21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата   «Тил — достукка чакырат»   аттуу темада