БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2 курсунун 21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан баштап, Дуалдык окутуу системасына өтүштү.
Студенттер Майлуу-Суу шаарынын №1 Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №2 М.Ф.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү орто мектебине, №4 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясына, №7, №8 жалпы билим берүү орто мектептерине өз адистиктеринин багыты жана жумуш орду менен таанышууну максат кылышып, зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана практикалык иш тажрыйбасына түздөн-түз ээ болуу максатында барышты. Студенттер мектепте болгон күнү сабактын уюштурулушуна (окуучулардын сабакка көңүл буруусу, окуучуларды сабакка чакыруу стадиясына), сабакты актуалдаштыруунун сапатына (берилген суроолордун эффективдүүлүгү, окуучулардын өз алдынча иштөөсү ой жүгүртүүлөрүндөгү жана эске тутуусундагы активдүү иш-аракеттер), сабакты окутуунун усулдарына көңүл бурушту.
Ал эми сабак учурунда мугалимдин окуу процессин алып баруусуна, сүйлөө маданиятна, мугалимдин сырткы көрүнүшүнө байкоо жүргүзүшүп, мугалимдин убакытты туура пайдалана билүүлөрүнө ынтызарлык менен көнүл бурушкан. Мугалимдин сабактын максатына жетүүсү, сабактын планынын аткарылышы студенттерге кызыктыруу материал болду.