Центрально-Азиатский Колледж Новости «АЛА-ТООДОН ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ» 12.12.2024ж.

«АЛА-ТООДОН ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ» 12.12.2024ж.

«АЛА-ТООДОН ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ» 12.12.2024ж. post thumbnail image

2024-жылдын 12-декабрында кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу жазуучубуз, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч. Айтматовдун 96 жылдык маарекесине арналган «Ала-Тоодон үн салган Айтматов» аттуу темада эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Эскерүү кечеге БАКтын 1-курсунун 11-1 П,ПНК, 11БД,БУ,КС тайпаларынын студенттери жана предметтик–циклдык комиссиясынын төрайымдары жана мүчөлөрү катышышты. Анда, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча директордун орун басары Г.Ж. Эгемназарова студенттерге улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мазмундуулугуна жана дүйнөлүк адабияттан алган ордуна токтолду.

Кеченин экинчи бөлүгү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде “Менин сүйгөн каарманым” аттуу аталыштагы видеороликтер көрсөтүлдү. Натыйжада 31/32ИЯ тайпасынын “Биринчи мугалим” чыгармасынан Алтынайдын жана анын жеңесинин образын, 31ПНК тайпасынын “Кылым карытар бир күн” романынан Найман эненин жана Маңкурттун, “Саманчынын жолу” романынан Толгонайдын образдарын жогорку деңгээлде даярдашкан.

Кеченин аягында 2-декабрдан 9-декабрга чейин өткөрүлгөн “Айтматов күндөрү” деп аталган жумалыктагы “Алп жазуучу-Айтматов” аталыштагы дилбаяндар сынактарынын жеңүүчүлөрүнө жана “Менин сүйгөн каарманым” аталыштагы видеотасманы тартууга, образдарды жаратууга катышкан студенттерге БАКтын директору А.Т. Агабеков Дипломдорду, Мактоо баракчаларын тапшырды. Бардык адистиктеги 1/2/3-курстун студенттери Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестерин чагылдырган дубал гезиттерди даярдашып, окуу жайдын 1- кабатына көргөзмө даярдашты. Эне тилин сүйүүгө жана сактай билүүгө тарбиялоо багытында “Дүйнөнүн залкар жазуучусу — Айтматов” аттуу темада куратордук сааттар өтүлдү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

2024-жылдын 17-февралында Борбордук Азия колледжинин тайпалар арасында 23-февраль “Ата-мекенди коргоочулар күнүнө” карата “Кана эмесе, жигиттер БАК — 2024” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынакка жалпысынан 150 студент катышты. Кароо сынактын негизги

Встреча с курсантамиВстреча с курсантами

27 апреля 2022 года на базе Центрально-Азиатского колледжа курсанты войсковой части №12544 г.Майлуу-Суу провели беседу для студентов Центрально-Азиатского колледжа о «Вооруженных силах КР». Также были показаны видеоматериалы подготовленные курсантами.