Центрально-Азиатский Колледж Новости Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025)

Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025)

Аскердик милдет жана патриотизм: жаштар эмнени билиши керек (20.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 20-февралында Борбордук Азия колледжинин администрациясынын демилгеси менен студенттердин Майлуу-Суу шаарынын аскердик комиссары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн майору Осмонов Айтмамат Жапарович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга 100дөн ашык студент-уландар жана 4 окутуучу катышты. 

Аскердик комиссар Кыргыз Республикасынын армиясындагы заманбап кызмат шарттары, армияда бир жылдык кызмат өтөөнүн ишке орношуудагы артыкчылыктары, альтернативдүү кызмат өтөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана армияга чакыруудан бошотулуу негиздери тууралуу кенен маалымат берди. 

Мындан тышкары, аскер кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу, льготторду, турак жай жана өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн башка колдоо чаралары талкууланды. Жолугушуунун аягында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти, аларга аскердик комиссар толук жана даана жоопторду кайтарды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Герои живут в нас: ЦАК празднует 80-летие Дня Победы в Великой отечественной войне! (09.05.2025)Герои живут в нас: ЦАК празднует 80-летие Дня Победы в Великой отечественной войне! (09.05.2025)

9 мая 2025 года преподаватели и студенты Центрально-Азиатского колледжа приняли участие в городских мероприятиях, посвящённых 80-летию Победы в Великой Отечественной войне. Директор ЦАК А.Т. Агабеков, члены административного совета и более

Академиялык мобилдүүлүк – кызматташуунун ийгиликтүү жолу (16.10.2023)Академиялык мобилдүүлүк – кызматташуунун ийгиликтүү жолу (16.10.2023)

2023-2024-окуу жылында Борбордук Азия колледжи К.Көлбаев атындагы Бишкек автомомобиль жол  колледжи менен  эки тараптуу  Академиялык мобилдүүлүк боюнча “ички келишим”  түзүлдү.  Түзүлгөн  келишимдин негизинде Борбордук Азия колледжинин 1-курсунун  студенттери жана Кыргыз

Юристтерди даярдоодо иш ордунда өткөрүлгөн көчмө практикалык сабак (20.09.2024).Юристтерди даярдоодо иш ордунда өткөрүлгөн көчмө практикалык сабак (20.09.2024).

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 12- июлындагы №383 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик Билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндөгү Жобосуна» ылайык 2024- жылдын 20- сентябрьнда Майлуу-Суу шаардык