Центрально-Азиатский Колледж Новости Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 19-февралы күнү Центрально-Азиялык колледждин администрациясынын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын ГОВДсынын начальниги, милициянын подполковниги Талантбек Абылкасымович Сабырканов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга 1-курстун 105 студенти жана колледждин окутуучулары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ГОВДнын начальниги жаштар арасында мыйзам бузуулардын себептери жана кесепеттерин түшүндүрүп, социалдык чөйрө жана ата-энелердин көңүл буруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыйуу, анын себептери жана кесепеттерин талкуулады. Мектептердеги жана окуу жайларындагы зордук-зомбулук жана рэкет маселелери да көтөрүлдү. Талантбек Абылкасымович мектептерде жана үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алууда коомдун, билим берүү мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан тышкары, милициянын начальниги жаштарга түнкү убакыт режимин сактоо, ошондой эле мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык жүрүм-турумду камсыздоо боюнча өздөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ата-энелердин балдарынын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, алардын түнкү убакыттагы иш-аракеттерине жоопкерчилик жөнүндө да айтылды.

 

Жолугушуу аяктагандан кийин катышуучулар суроолорду берип, аларга толук жана пайдалуу жоопторду алышты. Бул студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын коопсуздугу менен жакшы турмушу үчүн мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

“АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛҮҮЛҮК – БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ИНТЕГРАЦИЯСЫН КҮЧӨТӨТ” (21.10.2024)“АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛҮҮЛҮК – БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ИНТЕГРАЦИЯСЫН КҮЧӨТӨТ” (21.10.2024)

Академиялык мобилдүүлүк эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде 2024-жылдын 21-октябрынан 23-октябрына чейин   К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык” колледжинин окутуучулары Борбордук Азия колледжине келишти. К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык”

Турнир по волейболу среди юниоров (18.02.2025-19.02.2025)Турнир по волейболу среди юниоров (18.02.2025-19.02.2025)

По инициативе детско-юношеской спортивной школы г. Майлуу-Суу с 18 по 19 февраля 2025 года прошёл городской турнир по волейболу среди школ и колледжей города. В соревнованиях приняли участие волебольные команды,

БАКтын студенттери «Зомбулукка каршыбыз» акциясына катышышты 20.10.2023БАКтын студенттери «Зомбулукка каршыбыз» акциясына катышышты 20.10.2023

2023-жылдын 20-октябрьнда Борбордук Азия колледжинин 2-курсундагы «Укук таануу» адистегинин студенттери, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Зомбулукка каршыбыз» аттуу акциясына катышышты. Акциянын негизги максаты жаштар арасында үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу